Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Асыл» пансионатынын ремонтун максималдуу тездетүүнү тапшырды, 2017-жылдын августунда мугалимдердин биринчи тобу эс алышат
21
Теке

«Асыл» пансионатынын ремонту жана мугалимдердин эс алуусу үчүн  жаңы корпустун имаратынын курулушу эртең, 22-июлда башталат. Бул тууралуу  бүгүн, 21-июлда, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Борубаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн  жумушчу кеңешмеде билдирди. Эске салсак, 2017-жылдын июнунда Өкмөттүн чечими менен Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы «Асыл» пансионаты Билим Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда дагы 775 мектеп интернет байланышына кошулат
21
Теке

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда дагы 775 мектеп интернетке туташтырылат, анын ичинде 608 интернетке кошулду, калган мектептер боюнча 2017-жылдын сентябрына карата аягына чыгарылат. Анын иичнде 27 мектеп өлкөнүн чек ара райондорунда жайгашкан. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди. Өкмөт башчы эске салгандай, Уландысы

Мектептердин курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү, мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салуу, окуу китептери жана интернет менен камсыз кылуу – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына даярдыктардын приоритеттерин атады
21
Теке

Аймактардагы табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган мектептердин курулушун жана ремонтун өз убагында бүткөрүү – жаңы окуу жылына карата даярдыктардын алкагындагы негизги милдеттердин бири. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча өткөн  жумушчу кеңешмеде билдирди. Мектептерди окуу китептери жана интенетке туташтыруу маселеси актуалдуу көйгөй бойдон калууда. Премьер-министр мындан тышкары Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Россиянын аймактары менен кызматташууну өнүктүрүү эки өлкө элинин ортосундагы тарыхый байланыштарды бекемдейт
21
Теке

Россиянын  аймактары менен кызматташууну өнүктүрүү кыргыз-орус элдеринин ортосундагы тарыхый байланыштарды бекемдейт. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов Россия Федерациясынын Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский менен болгон жолугушууда  билдирди.   «Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берет. Челябинск облусу Россиянын өнөр жайлуу борборлорунун бири экенин эске алуу менен машина Уландысы

2018-жылдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тест тапшыруу башталат
20
Теке

2018-жылдан тартып, кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тесттен өтүү мүмкүнчүлүгүн ала алышат. Мындай талап «Мамлекттик тил жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарда белгиленген. КР Мамлекеттик кадр кызматы бүгүнкү күндө кыргыз тилин билүүгө тийиш болгон мамлекеттик кызмат орундарынын тизмесин иштеп чыгууда.   Тиешелүү кызмат орундары үчүн деңгээл КР Өкмөтү жакында эле бекиткен «Кыргызтест» бирдиктүү Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: 2017-жылдын январь-май айлары үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө экспорт 224,8 млн АКШ долларын түздү жана 29,3% көбөйдү
20
Теке

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: 2017-жылдын январь-май айлары үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө экспорт 224,8млн АКШ долларын түздү жана бул 29,3% көбөйдү. Бул тууралуу Кыргыз  Республикасынын вице премьер-министри  Олег Панкратов  бүгүн, 20- июлда, «Кыргызстан  Евразиялык  экономикалык биримдикте, жыйынтыктар, маселелер, келечек» аталышында өткөн тегерек стол жыйынында билдирди. «Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы жаңы интеграциялык эрежелерге ыңгайлашуу этабынан өтүүдө. Ыңгайлашуу мезгилиндеги бардык Уландысы

 
ФОТО ВИДЕО АУДИО
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР