Басма сөз кызматынын кабарлары

Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси бекитилди

25 Кулжа, 2018

Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Аталган чечим мыйзам астындагы актыларды Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясынын талабына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган. Көрсөтүлгөн тизме ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан, анын курамына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Казакстандын премьер-министринин орун басары Аскар Жумагалиев менен санариптештирүү тармагында кызматташуу келечегин талкуулашты

23 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Аскар Жумагалиев менен жолугушту. Вице-премьер-министр меймандар менен өлкө Өкмөтүнүн атынан саламдашып, жолугушуунун маанилүүлүгүн жана маалыматтык технологиялар тармагындагы зор потенциалды баса көрсөттү. «Казакстандын «Санариптик Казакстан» Мамлекеттик программасын жана «Таза Коом» кыргыз программасын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу – бул мезгил талабы. Санариптештирүү боюнча бул кызматташуу эки мамлекетке Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аймактардагы ирригацигациялык тутумдарды өнүктүрүү ишин жетишсиз деп атады

23 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-июнда, өлкө аймактарындагы ирригацигациялык тутумдарды өнүктүрүү жана ветеринардык лабораторияларды реконструкциялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, атамекендик айыл чарба тармагында көптөгөн жылдар бою тийиштүү көңүл бурулбай келген бир катар көйгөйлөр бар. «Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков республикада айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон милдеттерди белгиледи. Агрардык тармак Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

23 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкеринин күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: «Урматтуу кесиптештер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан баарыңыздарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктайм! Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу тутумунун маанилүү элементи, анын натыйжалуу ишинен Кыргыз Республикасынын Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Россия элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин Төрайымы Светлана Смирнова жаштар саясатын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

22 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Евразия элдеринин Ассамблеясынын Башкы катчылыгынын Жетекчиси – Башкы катчынын биринчи орун басары, Россия элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин Төрайымы Светлана Смирнова менен жолугушту. Делегация Кыргызстанда 21нен 24-июнга чейин өтүүчү Ысык-Көлдөгү «Дүйнө жаштары Тынчтык үчүн» Евразия жаштар форумуна катышууга келишкен. Вице-премьер-министр меймандарга өлкө Өкмөтүнүн атынан салам жолдоп, Евразия элдеринин Ассамблеясынын, Россия элдеринин Ассамблеясынын Уландысы

Өкмөттө салык процедураларын фискалдаштыруу тутумун киргизүү чараларын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды

22 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 22-июнда, салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы бул долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, салык тутумун фискалдаштыруу фискалдык органдардын ишмердигиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюп жана республикалык бюджетке салыктык жыйымдардын түшүүлөрүн көбөйтөт. Ал электрондук эсеп-фактураларын, электрондук патентти киргизүү, маркировкалоо жана товарларды Уландысы

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн келип түшкөн каражаттар үчүн атайы эсеп ачылууда

22 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. «Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук Уландысы

«ТКЦ» ЖАК салыктары мурдагыдай эле Баткен облусу жана Ноокат райондук администрациясы ортосунда 50% үлүштө бөлүштүрүлөт

21 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карамат Орозова бүгүн, 21-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында маалымдагандай, «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык төлөмдөрү толугу менен Ош облусунун жергиликтүү бюджетине жумшалат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты учурда «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык төлөмдөрү мурдагыдай эле Баткен облусу жана Ноокат райондук администрациясы Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Коом өлкөнүн жолдорунда жол кырсыктарын кыскартуу боюнча чечкиндүү кадамдарды күтүүдө

21 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-июнда, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу процесси аяктаганын маалымдады. «Биз жакынкы айларда бул долбоорду ишке ашыра турган компанияны тандоо сынагы жарыяланарын пландап жатабыз. Жалданма бардык зарыл болгон жол инфраструктурасын Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Азербайжандын Элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту

21 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 21-июнда, Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту. «Мен сиз аркылуу Азербайжан Республикасындагы Президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен Азербайжан Республикасын куттуктайм.  Кыргыз Республикасы эки тараптуу өз ара ишенимге жана бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды сыйлоого таянган эки жактуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө олуттуу маани берет», – Уландысы

1 2 3 676
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР