Басма сөз кызматынын кабарлары

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

23 Аяк оона, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан баарыңыздарды 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Тил маселеси – бул коомдук карым-катнашта өзгөчө бир адепти Уландысы

Болот Джунусов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

22 Аяк оона, 2018

Джунусов Болот Төлөгөнович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Зууракан Каденова Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду

22 Аяк оона, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык Каденова Зууракан Ажимаматовна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош шаарынын ЖЭБине барды

22 Аяк оона, 2018

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарынын ЖЭБине барды. Биринчи вице-премьер-министрге маалымдалгандай, жаратылыш газы жана мазут аркылуу иштеген Ош шаарынын ЖЭБи күз-кыш мезгилине 100% даяр. Белгилесек, аталган ишкана шаардын турак-жай фондунун 50%ын, ошондой эле бир катар социалдык мекемелерин жылуулук менен камсыздайт. Биринчи вице-премьер-министр алдыдагы жылытуу мезгилинде жылуулук Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунда жаңы социалдык объектилерди ачты

22 Аяк оона, 2018

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин ачылыш салтанатына катышты. Араван районунун Жаңы-Арал айылындагы 90 балага эсептелген жаңы бала бакчанын ачылыш салтанатындагы сөзүндө биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, өлкө Өкмөтү билим берүү тутумуна өзгөчө көңүл бурат. «Биз адамдын инсандык өнүгүүсү үчүн билим берүү канчалык зор мааниге ээ Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Ишкерлик мамлекеттин экономикалык саясатынын жол көрсөткүчү

21 Аяк оона, 2018

Кыргыз Республикасынын   вице-премьер-министри Замирбек Аскаров бүгүн, 21-сентябрда, Ишкерлер күнүнө арналган расмий иш-чарага катышты. Өз сөзүндө Замирбек Аскаров белгилегендей: “Ишкерлер өз ишин, өз үй-бүлөсүн гана киреше менен камсыздабастан, экономиканын өнүгүшүнө маанилүү салым кошушат. Бүгүнкү күнү 477.3 миң ишкер республиканын ИДПсына 33.9% көлөмүндө салымды камсыздайт, бул акча түрүндө 72.3 млрд сом”. Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасынын алкагында Уландысы

Фоторепортаж – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барды

21 Аяк оона, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өкмөт башчы ошондой эле Нарын шаарынын маарекесине арналган «Нукура» фестивалына барды жана Нарын шаарындагы сүт иштетүү жаңы завод курулуучу жер менен таанышты. Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев спорттук комплекстин иши менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Уландысы

Келерки жылы Нарын облусунда жаңы сүт иштетүүчү завод ишке берилет

21 Аяк оона, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы сүт иштетүүчү жаңы ишкана курула турган жер менен таанышты. Өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 150 тонна сүттү иштетүүчү ишкана 2019-жылдын жазында ишке берилмекчи. Заводдун ишке берилиши менен жаңы 100 жакын жумушчу орун түзүлөт. Премьер-министр белгилегендей, жергиликтүү бийлик өлкө аймактарын өнүктүрүүгө өз салымын кошуучу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Бир жарым кылымдын ичинде Нарын шаары кичинекей кыштакчадан заманбап шаарга айланды

21 Аяк оона, 2018

«Бир жарым кылымдык узак жолду басып өтүп, Нарын шаары кичинекей кыштакчадан заманбап шаарга айланды», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган «Нукура» фестивалында сөз сүйлөп жатып. Өкмөт башчы баса белгилегендей, шаардын маарекеси жергиликтүү калк үчүн гана эмес, бардык кыргызстандыктар үчүн дагы майрам болуп саналат. Премьер-министр дагы бир Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

21 Аяк оона, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан жылуу куттуктоо сөзүн билдирди. «Бай тарыхка ээ болгон Нарын шаарынын 150 жылдыгын белгилөө – бул чоң майрам. Нарын шаарынын тарыхы батыш менен чыгышты байланыштырып, эл Уландысы

1 2 3 702
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР