Басма сөз кызматынын кабарлары

Мухаммедкалый Абылгазиев: Ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү менен атамекендик бизнести өнүктүрүп жатабыз

17 Тогуздун айы, 2019

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү менен ата мекендик бизнести өнүктүрүп жатабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ушул маселе боюнча кеңешмеде билдирди. «Биздеги товарларды, тейлөө кызматтарын биз эмнегедир башка өлкөлөрдөн аларыбызды баарыбыз билебиз. Тагыраагы – бул бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга жатпайт. Муну баары билишет. Эсиңиздерде болсо 2018-жылы 2019-жылдын бюджетин сунуштап жатып биз Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен жолугушту

16 Тогуздун айы, 2019

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун 2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында жетишкен макулдашуусунун алкагында, 2019-жылдын 16-октябрында Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин, ошондой эле кыргыз-тажик Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жана укук иштери боюнча жумушчу Уландысы

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамкомиссиянын мүчөлөрү айылдын жашоочулары менен жолугушту

16 Тогуздун айы, 2019

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушту. Комиссиянын өкүлдөрү айылдагы бир катар объекттерге барышты, анын ичинде турак үйлөр, өрттөнүп кеткен айылдык милиция бөлүмү бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусуна жумуш сапары менен барды

15 Тогуздун айы, 2019

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин ачылыш салтанатына катышты. Биринчи вице-премьер-министр Алай районунун  Күн-Элек айылындагы мектепти пайдаланууга берүү иш-чарасында билим берүү тармагын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгиледи. «Өлкө Президентинин 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы катары жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу Уландысы

Республикада жарандардын узак мөөнөттүү турай жай насыясы үчүн керектүү шарттар түзүлүүдө

14 Тогуздун айы, 2019

Кыргыз Республикасында дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен жарандардын узак мөөнөттүү турай жай насыясы үчүн керектүү шарттар түзүлүүдө. Ушул айда KfW немец өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча каражаттарды өздөштүрүү пландалууда. Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо жөнүндө Өкмөттөр аралык келишимге ылайык, бул каражаттар 10% жылдык үстөк менен өлкөнүн аймактарындагы бардык категориядагы жарандарга насыяга берүүгө багытталат. Мындан тышкары Азия Уландысы

Сейтек Кулубаев Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими болуп дайындалды

14 Тогуздун айы, 2019

Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун  мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров кызматынан бошотулду

14 Тогуздун айы, 2019

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун  мамлекеттик администрация башчысы – акими Молдокадыров Нурбек Асыранкулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Пилоттук долбоордун алкагында юридикалык жактарды электрондук формада (онлайн режиминде) мамлекеттик каттоо башталды

12 Тогуздун айы, 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» 2019-жылдын 26-февралындагы №94 токтомун жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 2 юридикалык жак (жоопкерчилиги чектелген коом) онлайн режиминде каттоодон өттү. Белгилей кетүүчү жагдай, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү максатында юридикалык жактарды онлайн каттоону киргизүү боюнча иштер аткарылууда. «Юридикалык Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жергиликтүү маанидеги унаа жолдорун куруу жана реабилитациялоо алыскы аймактардын дагы экономикалык активдүүлүгүн жандандырат жана кыйла жогорулатат

11 Тогуздун айы, 2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев республика боюнча унаа жолдорун куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга транспорттук инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, жолдорду куруу жана реабилитациялоонун жүрүшү, биринчи кезекте аймактар үчүн стратегиялык мааниге жана эл аралык транспорттук коридорго айлануу келечегине ээ каттамдар боюнча маалымат берилди. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы Уландысы

Өкмөттүн Аппаратына 2019-жылдын 9 айында жазуу түрүндө 3329 жана 776 оозеки кайрылуу келип түшкөн

11 Тогуздун айы, 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары секторуна 2019-жылдын 9 айында 3329 жазуу түрүндө жана 776 оозеки кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинен:   – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 511 (15, 3%);   – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 579 (17,3 %);   – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына жеке кабыл алууга жарандардан жазуу Уландысы

1 2 3 4 785
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР