Басма сөз кызматынын кабарлары

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ВСП+ макамынын алкагындагы иш-чаралардын деталдык планын иштеп чыгууну тапшырды

12 Теке, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-июлда, берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму + (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, аталган макам атамекендик продукцияны Европа өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз экспорттоо мүмкүндүгүн ачат. Мындан тышкары, анын айтымында, ВСП + жеңилдетилген сатуу рыногун кеңейтүү жана адам укугун, айлана-чөйрөнү жана эмгекти Уландысы

Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилчү жөлөкпулдардын даректүүлүгү күчтөндүрүлөт

12 Теке, 2018

Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилчү жөлөкпулдардын даректүүлүгү күчтөндүрүлөт. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.  “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жаатындагы бир катар жоболор, анын катарында  аз камсыздалган балалуу муктаж үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчтөндүрүү тууралуу Уландысы

Өкмөттө сот-укуктук реформасын ишке ашырууга багытталган кадамдар талкууланды

12 Теке, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүгүн өркүндөтүү боюнча чаралар алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин экинчи жыйыны өттү. Аталган Координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформасы алкагында кабыл алынган кодекс жана мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Анын курамына Жогорку Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагындагы тутумдун иши менен таанышты

11 Теке, 2018

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 11-июлда, мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагындагы бир катар автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын иши менен таанышты. Анын ичинде  «ЭЛЕК» ветеринардык сертификаттарын электрондук көзөмөлдөө тутумун камсыздоо боюнча маалыматтык автоматташтырылган программанын ишинин, малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун, малдын илдеттери боюнча райондук маалыматтык тутумунун жана DOGS  иттерди каттоо жана идентификациялоо тутумунун бет ачары болду. Уландысы

КР калкын каттоого алууну 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине дейре өткөрүү пландаштырылууда

11 Теке, 2018

 Калкты жана турак-жай фондун каттоого алууну 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине дейре өткөрүү пландаштырылууда. Бул туурасында бүгүн, 11-июлда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында өткөн Калкты жана турак-жай фондун 2020-жылы каттоого алуу боюнча республикалык комиссиянын алгачкы жыйынында белгилүү болду. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, калкты жана турак-жай фондун каттоого алуу – мамлекеттик маанидеги иш-чара. «Каттоо Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды

11 Теке, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-июлда, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Премьер-министр келечекте өз ара кызыкчылыктарды жараткан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу маалымдады, ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде жемиштүү саясий-экономикалык диалог түзүлгөндүгүн белгиледи. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Улук вице-президенти Сендри Окоро менен жолугушту

11 Теке, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Улук вице-президенти Сендри Окоро менен жолугушту.  Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташууну тереңдетүү, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоолорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Премьер-министр белгилегендей, учурда 2040-жылга чейин узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясы ишке ашырылып жатат, ал кыйла активдүү жана максаттуу багытталган мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашырууну көздөйт. Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Балдардын мектепке чейинки өнүгүү маселеси Өкмөттүн көңүл чордонунда

10 Теке, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 10-июлда, Чүй облусунун Аламүдүн райондук китепканаларына барды. Вице-премьер-министр белгилегендей, балдарды, анын ичинде мектеп жашына чейинкилерге багытталган долбоорлор маанилүү болуп саналат. Бул китепканалардын базасында балдар үчүн, анын ичинде мектеп жашына чейинкилерге арналган акысыз секциялар жана ийримдер камтылган долбоорлор иштейт. Жай мезгилинде мектеп жашына чейинки бөбөктөр үчүн боз үйлөрдө жайгаштырылган өнүгүү Уландысы

Ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү, электромобилдерге нөлдүк коюм киргизилди

10 Теке, 2018

Кыргыз Республикасында физикалык жактар аркылуу ташылып келинген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Аталган чечим ашыкча эскирген автотранспорт каражаттарын азайтуу жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын аймагына электр, гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын ташып киргизүүсүнө дем берүү, ошондой эле өлкөнүн автоунаа паркынын эскиришинин алдын алуу боюнча ыкчам чара көрүүгө Уландысы

«Күн-Чубак» пансионаты Улуттук олимпиадалык комитетине убактылуу бекер пайдаланууга берилди

10 Теке, 2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасынын мүлктүк комплексин “Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети” коомдук бирикмесине убактылуу бекер пайдаланууга берилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү, дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү Уландысы

1 2 3 4 5 6 685
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР