Басма сөз кызматынын кабарлары

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын облусун өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

5 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-декабрда, Нарын облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландары боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы «Жаңы доорго – Кырк кадам» программасынын келечектүү багыттарынын бири өлкө аймактарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү болуп саналаарын белгиледи. Буга байланыштуу Сапар Исаков бардык облустардын көйгөйүн ыкчам чечүү, инвестициялык долбоорлордун планын иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну талкуулоо Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менталдык арифметикадан “Super Champion” наамын алган окуучу менен жолукту

5 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-декабрда, менталдык арифметикадан “Super Champion” наамын алган Нурхан Таштанов менен жолукту. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Нурхан Таштановду жеңиши менен куттуктап, эстелик белектерди тапшырды. «Биз Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде көтөрүп жаткан Нурхан сыяктуу балдарыбыз менен сыймыктанабыз», — деди Сапар Исаков. Ошондой эле, Өкмөт башчы келечектеги муунду, жаш таланттарды тарбиялоодо мугалимдердин эмгегин Уландысы

«МИК» ААК кадимки режимде ипотека берүүсүн улантууда

5 Бештин айы, 2017

«Мамлекеттик ипотекалык компания» (МИК) ААК ипотекалык насыя берүү боюнча арыздарды кабыл алууда. Ипотекалык насыя алуучулардын тизмесин даярдоо процедурасы адаттагыдай уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди. Анын айтымында, МИК ААК тарабынан ушул жылга 1 миллиард сомдун тегерегинде насыя берүү пландалган. «Бирок быйылкы жылы насыя берүү темпи абдан жогору Уландысы

«Жол картага» кол коюнун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгуловдун катышуусунда маалымат жыйын өттү

5 Бештин айы, 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 5-декабрында «Жол картага»  кол коюнун жыйынтыгы, эки тараптуу экономикалык кызматташтык, ошондой эле чек-ара, транспорттук, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салыктык башкаруу боюнча өз ара аракеттешүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгуловдун катышуусунда маалымат жыйын өттү. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун жана Казакстан Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаевдин 2017-жылдын 2-декабрындагы макулдашуусун аткаруу максатында эки Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Жууку капчыгайындагы бактардын кыйылышы боюнча иликтөө жүргүзүп, аны токтотуу тапшырмасын берди

5 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекетик агенттигине жана Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө ыкчам тартипте Ысык-Көл облусунун Жууку капчыгайындагы, ошондой эле башка корук аймактардагы бактардын кыйылыш фактылары тууралуу маалымат боюнча текшерүү жана комплекстүү иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Өкмөт башчы Ысык-Көл облусунун Жууку Уландысы

КР Өкмөтүнүн Аппараты өлкө аэропортуна инвестициялоого кызыкдар «TAV AirportsHolding» компаниясы жана башка компаниялар менен мүмкүн болгон кызматташтык боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

4 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үстүбүздөгу жылдын 29-ноябрындагы отурумунда депутат Асылбек уулу Дамирбек суроо узатты: «Эл аралык деңгээлге чыгыш  үчүн «Манас», «Ош» жана «Каракол» аэропортторун өнүктүрүү боюнча кандай долбоорлор бар. Бүгүнкү күндө, өзүнүздөр билесиздер, чет жакка чыгыш үчүт эки багыт -– «Түрк аба каттамдары» жана «Аэрофлот» бар. Айтыңызчы, мамлекеттик жеке өнөктөштүк же инвестициялык ижара боюнча пландар Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков КР Даниянын Элчиси Томас Винклер менен жолугушту

4 Бештин айы, 2017

Бүгүн, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасындагы Дания Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Томас Винклерди кабыл алды. Даниянын Элчиси Томас Винклер Премьер-министрди президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады: «Биз Кыргызстанда демократиялык, анын катарында адам укуктары жаатындагы өзгөрүүлөрдү байкап жатканыбызга абдан кубанычтабыз». Сапар Исаков быйыл Кыргыз Республикасы менен Дания Королдугунун ортосундагы дипломатиялык мамилелерге Уландысы

Марат Мураталиев КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

4 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Мураталиев Марат Молдонович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын жамаатына жаңы жетекчини Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Казакстан менен эки тараптуу экономикалык кызматташуу тууралуу “жол картасы” жөнүндө келишимине кол коюлду

2 Бештин айы, 2017

Казакстан Республикасынын Астана шаарында бүгүн, 2 декабрда, Кыргыз Републикасы менен Казакстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуусу боюнча «жол картасы» жөнүндө келишимге кол коюлду Кыргыз тараптан документке Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов, казак тараптан Казакстан Республикасынын Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аскар Мамин кол койду. Белгилүү болгондой, кыргыз-казак чек-арасы 2017-жылдын 3-декабрынын саат 00:00дөн тартып кадимки Уландысы

1 3 4 5 6 7 610
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР