Кадрлык саясат

Эрмек Мамыркалиев Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды

12 Аяк оона, 2019

Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Аманбай Кайыпов Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

6 Аяк оона, 2019

Аманбай Кайыпов Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев кызматынан бошотулду

6 Аяк оона, 2019

Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эмилбек Алымкулов Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

6 Аяк оона, 2019

Алымкулов Эмилбек Абдыраимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулду

6 Аяк оона, 2019

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Аманбай Кайыпов Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

6 Аяк оона, 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Акпай Сарыбаев академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды

4 Аяк оона, 2019

Сарыбаев Акпай Шогаибович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Айнагүл Жумагулова академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору кызматынан бошотулду

4 Аяк оона, 2019

Жумагулова Айнагүл Сексеналиевна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Канат Мамакеев Улуттук хирургия борборунун директору болуп дайындалды

4 Аяк оона, 2019

Мамакеев Канат Мамбетович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Памирбек Асанов Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

13 Баш оона, 2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Асанов Памирбек Джумалиевич Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2 3 61
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР