Пресс-борбор

«Технополис» долбоорун ишке ашыруу үчүн «Легпром» Ассоциациясына убактылуу колдонууга жер тилкеси бөлүнүп берилди

29 Кулжа, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Технополис» долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай Ассоциациясы «Легпром» ишканасы юридикалык биримдигине убактылуу колдонууга Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагынан жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу токтомго кол койду. Белгилей кете турган болсок, «Технополис» долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга карата «Ишеним жана биримдик» Программасынын Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү

28 Кулжа, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, Ош облусунун Өзгөн жана Чон-Алай райондорундагы  жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуда, социалдык объектилерди куруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы 2017-жылдын жазында жаратылыш кырсыктары болору менен, бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу, анын ичинде социалдык объектилерди куруу боюнча тапшырмалар берилгенин билдирди. «Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба Уландысы

Мамлекеттик мүлктөрдү инвентаризациялоо 2017-жылдын 1-декабрында аяктайт

27 Кулжа, 2017

 «Үстүбүзлдөгү жылдын мартында түзүлгөн жумушчу топ  азыркы кезде мамлекеттик мүлктү кеңири масштабда инвентаризациялоону жүргүзүүдө. Инвентаризациялоо процессси 2017-жылдын 1-декабрында аягына чыгат». Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаков бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө «Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын жакшыртуу» темасында өткөн маалымат жыйынында билдирди. Болсунбек Казаков эскерткендей, Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен өлкөдөгү Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Маалымат жыйыны «Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын башкарууну жакшыртуу»

27 Кулжа, 2017

Бүгүн, 27- июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө «Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын башкарууну жакшыртуу» темасында маалымат жыйыны болуп өттү. ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаков жооп берди.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Ыйык Орозо Айт майрамы биздин бардык аруу тилектерибизди орундатсын

25 Кулжа, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда, Бишкек шаарынын Эски аянтындагы майрамдык айт-намазга катышты. Өкмөт башчы Орозо Айт майрамына карата Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуду. Жалпы Кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Орозо Айт майрамын кеңири белгилөө мүмкүнчүлүгү өлкө эгемендик алгандан кийин пайда болгонун белгиледи. «Биз ыйык Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматтын жетекчиси Анна Попова менен жолугушту

24 Кулжа, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июнда, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматынын жетекчиси – Россия Федерациясынын мамлекеттик башкы санитардык дарыгери Анна Попова менен жолугушту. Жолугушууда тараптар санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чөйрөсүнүн абалы бул багытта кызматташуу жана анын келечеги тууралуу талкуулашты. Өкмөт башчы ар тараптуу көрсөтүлгөн колдоолор, анын ичинде Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына Керектөөчүлөрдүн укугун Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жарандарды жеке кабыл алууну өткөрдү

24 Кулжа, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө жарандарын жеке кабыл алууну өткөрдү. Өкмөт башчы менен болгон жолугушууда жарандар өздөрүнүн бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты. Ошондой эле алар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү каралды. Анын ичинде, айыл чарба, мал чарбачылыгын, маданият тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу демилге айтылды. Ошондой эле жарандардын оор каржылык абалына Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Товардык каражаттарды идентификациялоодогу маркировкалоо механизмдерин ишке киргизүүнү иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

24 Кулжа, 2017

Товардык каражаттарды идентификациялоодогу маркировкалоо механизмдерин ишке киргизүүнү иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Евразиялык экономикалык комиссиясы кеңешинин төрагасы, Олег Панкратов Евразиялык экономикалык комиссиясы кеңешинин (ЕЭК) кезектеги жыйынында билдирди. Вице-премьер-министр Олег Панкратов маалымдагандай, жумушчу топко ЕЭК министрлери жана улуттук өкмөттөрдүн мүчөлөрү кирди. «Бирдиктүү укуктук талаанын алкагында маркировкалоо системасын өнүктүрүүнү ишке ашыруу Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктады

23 Кулжа, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктады. «Ар бир өлкөнүн, ар бир мамлекеттин күчү, биринчи кезекте, мамлекеттик башкаруунун потенциалында жана сапатында турат.  Кесипкөй, компетенттүү, демилгелүү, тартиптүү, жоопкерчиликтүү жана ак ниет, чынчыл кызматкерлер болбосо, эч бир мамлекет өнүгө албайт. Бүгүнкү күндө бир гана мамлекеттик- жарандык кызматкерлердин армиясы 2017-жылдын 1-январына карата Уландысы

Өкмөт Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы каза болгондорго жана жабыркагандарга материалдык жардам көрсөттү

23 Кулжа, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, 2017-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы газ толтуруучу станциянын жарылуусунун кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2 3 555
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР