Пресс-борбор

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Евразия жумалыгы 2018» үчүнчү эл аралык форумуна катышты

22 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Ереван шаарында (Армения Республикасы) «Евразия жумалыгы 2018» үчүнчү эл аралык форумуна катышты. «Евразия жумалыгы 2018» эл аралык форумунун алкагында Жеңиш Разаков Евразия жумалыгынын жалпы жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн өкмөтүнүн өкүлдөрү, бизнесмендер, саясатчылар жана эксперттер Биримдиктин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн интеграцияны тереңдетүү, Уландысы

Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

22 Тогуздун айы, 2018

Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында 15-21-октябрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүн тактап жазуу боюнча маселе талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тилке макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлган. Эки өлкөнүн Премьер-министрлери Уландысы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары ЕЭК министрлери жана департаменттеринин жетекчилери менен ЕАЭБ актуалдуу маселелерин талкуулады

20 Тогуздун айы, 2018

 Москва шаарында 2018-жылдын 18-октябрында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрт фракциясынын депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги Атайы өкүлүнүн ЕЭК коллегия мүчөлөрү (министрлери) жана департамент жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү. Тараптар Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) боюнча өнөктөштөрү менен санитардык жана фитосанитардык Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

19 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин алардын кесиптик майрамы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун негизделишинин 25 жылдыгы менен куттуктады. Куттуктоо сөзүндө вице-премьер-министр Замирбек Аскаров гуманисттик баалуулуктардын жайылтылышына багытталган социалдык коргоо Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Өкмөт өнөр жай тармактарын өнүктүрүүдө табиятты натыйжалуу жана кылдат пайдалануу милдеттерин коет

19 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Жашыл экономика: Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү прогресси жана келечектери» форумунун ишине катышты. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү Стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү» Концепциясын аткаруу үчүн кыска жана орто мөөнөттө жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча программаларды иштеп жатат. Жашыл экономика аркылуу экономиканын үнөмдөө принциптерин Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чехиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Элишка Жигова менен жолугушту

19 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Чехия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Элишка Жигова менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-чех эки жактуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. «Үстүбүздөгү жылы биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгын белгилейбиз. Өз ара кызыкчылыктардын бардык тармактарында кызматташууну келечектүү бекемдөө потенциалы зор», – Уландысы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ло Шуган менен жолугушту

19 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ло Шуган менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ло Шуган менен жолугушту Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин жана ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Алтынкен» ЖЧК алтын кен казуу ишканасына барды

18 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кемин районундагы «Алтынкен» ЖЧК алтын кен казуу ишканасынын ишмердиги менен таанышты. Өкмөт башчыга ишкананын учурдагы ишмердиги жана абалы тууралуу маалымдашты. Бүгүнкү күнү заводдо 1000ден ашуун кызматкер иштейт, алардын 95% Кыргыз Республикасынын жарандары. «Алтынкен» ЖЧК кенинде алтын казуунун көлөмү 2018-жылдын 9 айында 2,5 тоннаны түзгөн. 2019-жылы Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды

18 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кант түтүк-шифер өндүрүшү» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты. «Кант түтүк-шифер өндүрүшү» ЖЧКсы шифер, ар-кыл диаметрдеги цемент түтүктөрүн, фасаддык материалдарды жана цемент-кум черепицасын өндүрүүгө адистештирилген. Өкмөт башчыга учурда тармак боюнча өнөр-жай продукциясын чыгаруунун жалпы көлөмүндөгү ишкана продукциясынын салыштырма салмагы болжол менен 7%ды түзөөрү тууралуу маалымат берилди. Завод Уландысы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бүткүл Дүйнөлүк маданий форумдун ачылыш салтанатына катышты

18 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бүткүл Дүйнөлүк маданий “Тайху” бешинчи форумунун (Кытай Эл Республикасынын Пекин шаары) ачылыш салтанатына катышты. Иш чаранын ачылыш аземинде сөз алган вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова КЭР Төрагасы Си Цзинпин демилгелеген аталган долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. “Мындай иш чаралардын бири катары сентябрь айынын башында Ысык-Көл жээгинде болуп өткөн үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Уландысы

1 2 3 709
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР