Пресс-борбор

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Гендердик теңчилик маселесин көтөрүү жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – туруктуу өнүгүүгө жол

19 Аяк оона, 2019

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Борбор Азиядагы беш өлкөнүн жарандык активисттери катышкан «Трансформация доорундагы лидерлик» аталышындагы жарандык активисттердин Борбор азиялык диалогуна катышты. Бул диалог «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун жана Кыргыз Республикасындагы «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн колдоосу менен өтүүдө. Алтынай Өмүрбекова аялдарга карата басмырлоонун бардык түрүн жоюу жөнүндө Конвенция, иш-аракеттердин Пекин Платформасы жана 2023-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн Уландысы

Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет

19 Аяк оона, 2019

Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул документтер мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салууга жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун ролун күчөтүүгө багытталган. Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду иштеп жаткан 98 мамлекеттик ишкана менен Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова И.Раззаков атындагы КМТУнун 65 жылдык маарекесине арналган салтанатка катышты

18 Аяк оона, 2019

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) 65 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Алтынай Өмүрбекова аталган окуу жайдын студенттерин жана профессордук-окутуучу курамын Өкмөттүн атынан бул маанилүү күн менен куттуктады. Вице-премьер-министр белгилегендей, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ар дайым активдүү иш жүргүзүп келет жана жүздөгөн жогорку квалификациялуу жана кесипкөй кадрлар менен Уландысы

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамкомиссиянын мүчөлөрү УКМКда көчмө жыйын өткөрүштү

18 Аяк оона, 2019

2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү. Кезектеги жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтарды тааныштырды. Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, коомдук ишмер Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту

17 Аяк оона, 2019

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кечээ ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн чек ара окуясына байланыштуу кырдаалды басаңдатуу боюнча көрүлгөн чараларга тийиштүү маселелер талкууланды. Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары курал колдонулган окуя аскер Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды

17 Аяк оона, 2019

Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Чек арачыны акыркы сапарга узатууга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары,  вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Р. Муминовдун кесиптештери катышышты. Өкмөт башчы курман болгон Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусундагы чек ара окуясынын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды

17 Аяк оона, 2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен биргеликте Лейлек районунун аймактык ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясынын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды.  Белгилей кетсек, атышуу учурунда 13 адам ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, алардын ичинен он жаран бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилди. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту

17 Аяк оона, 2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту. Өкмөт башчы кечээ кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясына байланыштуу айылдагы учурдагы абал менен таанышты. Айылдын тургундары менен жолугушуу учурунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, чек ара маселелерин чечүү жана чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочуларын колдоо мамлекет Уландысы

Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Жобо бекитилди

17 Аяк оона, 2019

Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Жобо бекитилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Жободо товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жаатындагы негизги аныктамалар жана атоолор, ошондой эле экспорттук-импорттук операциялардын жана идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиштүү товарлардын өндүрүшүнө катышуучуларынын ортосундагы экономикалык мамилелер жөнүндө негизги жоболор Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна келди

17 Аяк оона, 2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Кечээ ок колдонулган чек ара окуясынын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган. Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн Уландысы

1 2 3 776
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР