Пресс-борбор

Премьер-министр Сапар Исаков: Өкмөт жана бизнес Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүүгө кызыкдар

15 Бештин айы, 2017

«Өкмөт жана бизнес Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүүгө кызыкдар», – деп билдирди Премьер –министр бүгүн, 15-декабрда, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн көмөгү аркылуу жеке инвестицияларды тартуу» аттуу тегерек стөлдүн жүрүшүндө. Өкмөт башчы белгилегендей, учурда Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн бир гана долбоору – гемодиализ клиникаларынын иши боюнча долбоор ишке ашырылган. «МЖӨ жөнүндө мыйзам канчалык деңгээлде натыйжалуу иштеп жатат деген суроонун Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту

15 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 15-декабрда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту. Жолугушунун жүрүшүндө Өкмөт башчы акыркы мезгилдерде кыргыз-орус мамилелери жаңы сапаттуу баскычка чыккандыгын жана стратегиялык мүнөзгө ээ экендигин канагаттануу менен белгиледи. «Россия Федерациясы менен кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Премьер-министр катары Өкмөттүн ишинде кыргыз-орус мамилелерин Уландысы

Өкмөттө жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын жыйыны өттү

14 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Премьер-министр белгилегендей, жол коопсуздугун камсыздоо маселеси бүгүнкү күндөгү бирден-бир актуалдуу маселелердин катарына кирет. Комиссия мүчөлөрүнүн алдында сөз сүйлөөдө Сапар Исаков өлкө жарандары жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматкерлердин ортосундагы өз-ара мамилелер тыкыр жөнгө Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

14 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 14-декабрда, 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чараларын иштеп чыгуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменини жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова өлкөдөгү мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүүнүн негизги принциптери, аны аткаруунун механизмдери жана Уландысы

Кыргызстан Джакартадагы Азия Тынч океан аймагынын лидерлеринин форумунда «Asia Pacific Leaders Forum» «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнүн жаңы мүчөсү катары расмий тааныштырылды

14 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасы бүгүн, 14-декабрда, Джакарта шаарында (Индонезия) Азия Тынч океан аймагынын лидерлеринин форумунда «Asia Pacific Leaders Forum» «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнүн жаңы мүчөсү катары расмий тааныштырылды. Азия Тынч океан аймагынын лидерлеринин форумунда өлкөнү Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жана Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Торалиева тааныштырды. Өз сөзүндө вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнө кошулган биринчи Уландысы

Алина Шаикова КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды

14 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Шаикова Алина Кавылбековна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды. Өкмөт башчы Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жана Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып жатып, Алина Шаикованын финансылык тутумдагы мыкты кесиптик тажрыйбасын белгилеп кетти. Премьер-министр «Таза Коом» улуттук программасынын Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ысык-Көл облусунун актуалдуу маселелерин жана келечек пландарын талкуулады

14 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 14-декабрда, Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешме өлкөнүн бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер Баткен, Нарын, Ош жана Чүй облустары боюнча өткөрүлгөн. Кеңешменини жүрүшүндө Дайыр Кенекеев Ысык-Көлдүн жээгиндеги айланма жолдун (Балыкчы-Корумду) курулушун Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү

13 Бештин айы, 2017

Стамбул шаарында бүгүн, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү. Ислам Саммити Иерусалим шаарынын тегерегинде түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн чакырылган. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасы Аль-Кудс шаарынын укуктук жана тарыхый макамынын тегерегиндеги чыңалууга байланыштуу терең бушаймандыгын билдирет, өз кезегинде ал эл аралык Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бангладештин Президенти Абдул Хамид менен жолугушту

13 Бештин айы, 2017

Стамбул шаарында бүгүн, 13-декабрда, Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Бангладеш Элдик Республикасынын Президенти Абдул Хамид менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-бангладеш кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар жеңил өнөр жай тармагындагы кызматаштыктын келечегин талкуулады. Өлкөлөр ортосундагы өз-ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында саясий байланыштарды жайгаруу жана чыңдоо зарылдыгы тууралуу Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Чүй облусун өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

13 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-декабрда , Чүй облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешме өлкөнүн бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер Баткен, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча өткөрүлгөн. Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн ишиндеги, анын ичинде «Жаңы доорго кырк Уландысы

1 2 3 611
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР