Пресс-борбор

Премьер-министр Сапар Исаков КР Ага-Хан Өнүктүрүү тармагынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту

21 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасындагы Ага-Хан Өнүктүрүү тармагынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жакынкы мезгилдеги биргелешкен кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Өкмөт башчы белгилегендей, кыргыз тарап Ага-Хан Уюму менен кызматташууга өзгөчө маани берет жана өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Премьер-министр белгилегендей, өз-ара пайдалуу кызматташтыктын Уландысы

Эмил Кайкиев Тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду

20 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Кайкиев Эмил Абдыкалыевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү

Ведомстволор аралык комиссия Бишкек шаардык ЖЭБде штаттык эмес абалдын жаралуусуна күнөөлүү бир катар жактарды ээлеген кызматынан бошотууну сунуштады

19 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астындагы Бишкек шаардык ЖЭБинде штаттык эмес абалдын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиясы бүгүн, 19-февралда, Бишкек шаардык ЖЭБинде 2018-жылдын 26-январында орун алган абалга тийиштиги бар бир катар жактарга карата чараларды кабыл алууну сунуштады. Биринчи вице-премьер-министр Бишкек шаардык ЖЭБинде 2018-жылдын 26-январында орун алган абалга комментарий берүүдө белгилегендей, Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жана Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады

19 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-февралда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Өкмөт башчы Европа Биримдигине өлкөдөгү шайлоо тутуму, билим берүү жана укук үстөмдүгү жаатындагы реформаларды үзгүлтүксүз колдоого алуусу үчүн ыраазычылык билдирди. «Өкмөт жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу реформаларды аныктады. Биринчи кезекте реформалар бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамкызмат өкүлдөрүн финансы полиция органдарынын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толушу менен куттуктады

19 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын финансы полициясынын органдарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өкмөт башчы куттуктоо сөзүндө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ардагерлерине жана жеке курамына ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү ишти камсыздоонун өзгөчө манилүүлүгүн белгилеп кетти. Премьер-министр жарандардын бакубатчылыгы жана өлкөнүн Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Тынчтык корпусунун тхэквондо боюнча Дүйнөлүк фондунун» башкы катчысы Шин Дон Юнду кабыл алды

19 Бирдин айы, 2018

Премьер-министр Сапар Исаков «Тынчтык корпусунун тхэквондо боюнча Дүйнөлүк фондунун» башкы катчысы Шин Дон Юнду кабыл алды. Өкмөт башчы белгилегендей, кореялык спорттук делегациянын Кыргызстанга сапары өлкөдөгү тхэквондо өнөрүнүн кеңири өнүгүүсүнөн жана жайылтылгандыгынан кабар берет. «Тхэквондо өсүп келе жаткан муундун ден-соолугун чыңдоого, тартибин калыптандырууга жана рухий дүйнөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Спорттун аталган түрү ар бир мамлекеттин улуттук Уландысы

Өкмөттө Дүйнөлүк банк менен беш жылдык мөөнөткө кызматташтык Стратегиясын талкуулашты

17 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк банк ортосундагы 2018-2023-жылдарга кызматташтык Стратегиясын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмени өткөрдү. Өкмөт башчы атамекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен иштин натыйжалуулугу маанилүү экендигин билдирди. Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук белгилегендей, алдыда өлкө экономикасынын өнүгүүсүн камсыздоо үчүн колдогу бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2017-жыл жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеңешмесине катышты

16 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2017-жылкы ишинин жыйынтыктары жана 2018-жылга коюлган милдеттери боюнча ведомствонун коллегиялык кеңешмесине катышты. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Анын айтымында, министрлик тараптан төмөнкү программалык документтерде: 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, КР Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков ЖИА бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту

16 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-февралда, ЖИА бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы бизнести өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Сапар Исаков белгилегендей, Өкмөттүн иши үч негизги багытта –калкты ичүүчү таза суу Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш датасы белгиленди

16 Бирдин айы, 2018

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш датасы белгиленди. Оюндардын ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромунда болот. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештери 36 улуттук спорт түрү боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 80 ашык өлкөлөрүнөн 3000 тегерегинде спортчу катышары болжонууда. Иш чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500 жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат. Белгилей кетсек, Уландысы

1 2 3 4 632
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР