Пресс-борбор

Премьер-министр Сапар Исаков Абу-Дабинин канзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахаян менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулады

11 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында, Дубай шаарында Абу-Дабинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахаян менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги жана чаралары талкууланды. Тактап айтканда, тараптар өлкөнүн ички рыногуна инвестицияларды тартуу, ошондой эле өз-ара авиакаттамдарды жакшыртуу маселелерин талкуулады. Өкмөт башчы кыргыз тарапка Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Дубайдагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында панелдик сессияда сөз сүйлөдү

11 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында «Жиреп чыгуу» – чакырыктар жана мүмкүндүктөр» панелдик сессиясында сөз сүйлөдү. Өкмөт башчы белгилегендей, жаңы технологиялар ар бир мамлекеттин жана жалпы дүйнөнүн өнүгүүсүнүн учурдагы жана пайда болуучу көйгөйлөрүн чечүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Анын айтымында, аларга энергия, азык-түлүк, Уландысы

Премьер-министрлер Сапар Исаков жана Нарендра Моди кыргыз-индия кызматташтыгынын маселелерин талкуулады

11 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин талкуулады. Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, Кыргыз Республикасы көптөгөн тармактагы, анын ичинде Индия бай тажрыйбага ээ болгон саламаттыкты сактоо жана туризм жаатындагыкызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушту

11 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушту. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан жана БАЭ ортосунда достук жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделген тыгыз жана контруктивдүү мамилелер орногон. Мындан тышкары, анын айтымында, эки өлкөнүн Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Air Arabia» авиакомпаниясынын жетекчилигин Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго катышууга чакырды

11 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али менен жолугушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө тараптар авиация тармагындагы кызматташтык мүмкүндүгүн талкуулашты. Премьер-министр Сапар Исаков «Air Arabia» авиакомпаниясынын башчысына өлкөбүздүн ыңгайлуу географиялык жайгашуусуна жараша Кыргыз Республикасы аркылуу жаңы авиакаттамдарды ачуу мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады. Өз Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Аль Мулла групп» жана «Аль Баяни» компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

11 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында «Аль Мулла групп» жана «Аль Баяни» компанияларынын (Бириккен араб эмираты) өкүлдөрү менен жолугушту. Премьер-министр Сапар Исаковдун Бириккен араб эмиратындагы ири компаниялардын бири «Аль Мулла групп» өкүлү Мухаммед Али Аль Мулла менен жолугушуусу учурунда тараптар кызматташуу келечегин талкуулады. Белгилесек, өткөн жылы атамекендик «Аю Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Дубай шаарындагы «Burjeel» клиникасынын иши менен таанышты

11 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Дубай шаарындагы (Бириккен араб эмираты) «Burjeel» клиникасынын иши менен таанышты.  «VPS Health Care» компаниясынын башчысы, доктор Шамшир Ваялил заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалган клиниканын негизги бөлүмдөрү боюнча экскурсия өткөрдү. Радиология бөлүмүнүн иши менен таанышуу учурунда  Сапар Исаков белгилегендей, Бишкек шаарында онкологиялык оорукананын Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Дубай шаарынын (БАЭ) полициясынын Штаб-квартирасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

11 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Дубай шаарынын (БАЭ) полициясынын Штаб-квартирасында болуп, анда полициянын ишмердүүлүгү жана «Акылдуу шаар» коомдук тартипти коргоодогу алдыңкы технологиярды колдонулушу менен таанышты. Дубай полициясынын башчысы Абдулла Халифа Аль Марри сегиз миң камера, ошондой эле мобилдик жабдуулар, спутник жана дрондун жардамы менен шаардын көчөлөрүдөгү абалды Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Abu-Dhabi Islamic Bank» башкы директору Хамис Бу Харун менен жолукту

10 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-февралда Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында «Abu-Dhabi Islamic Bank» башкы директору Хамис Бу Харун менен жолукту. Жолугушууда тараптар өз ара кызматташуунун алдыдагы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өкмөт башчы Сапар Исаков талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвесторлордун ишин жөнгө салган мыйзамдары тууралуу айтып берди. Банктын директору Хамис Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Emaar Properties» компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар менен жолукту

10 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-февралда, Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында «Emaar Properties» компаниясынын башчысы, ири компаниянын негиздөөчүсү, Дубайдагы эң бийик имарат «Бурж Халифанын» куруучусу Мохамед Али Алаббар менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун күчөтүү, жеке менчикти коргоо жана инвесторлор үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу Уландысы

1 2 3 4 5 6 631
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР