Пресс-борбор

Премьер-министр Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун абалынын начарлашы боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырды

5 Үчтун айы, 2018

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 439-479-чакырымындагы сапатынын начарлашы тууралуу бир катар массалык маалымат каражаттарындагы жарыялоолорго байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет. Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун абалынын начарлашынын себептерин тыкыр иликтөө үчүн көз-карандысыз эксперттерди, ошондой эле тийиштүү Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек-Ош унаа жолундагы транспорттук байланышты жакшыртуу, ошондой эле Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы катуу шамалдын кесепетин жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды берди

4 Үчтун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-январда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө катуу жааган жаан-чачындын кесепеттерин жоюу, ошондой эле республиканын негизги унаа жолдорун тазалоо боюнча чаралар талкууланды. Өзгөчө кырдаалдар министри маалымдагандай, катуу жааган жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу тилкелеринде унаалардын өтүүсү убактылуу кыйындаган. Кубатбек Бороновдун айтымында, тоолуу жол Уландысы

275 жалпы билим берүү мекемелеринде ысык тамактандыруу жана өз алдынча нан азыктарын бышырууну камсыз кылуу үчүн ашпозчулардын штаттык бирдиктери киргизилет

4 Үчтун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Аталган чечим 2002-жылдын 27-июнундагы №111 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу жана 1-4-класстагы (башталгыч) окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу максатында кабыл алынган. Кабыл алынган документке ылайык, ысык тамактандыруу жана өз алдынча нан азыктарын башыруу кийирилип жаткан мектептерде Уландысы

Өкмөттө жаңы жылдык майрамдар учурундагы коомдук тартипти камсыздоо боюнча иштин жыйынтыктары талкууланды

4 Үчтун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-январда, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө ички иштер министри майрамдык иш чараларды өткөрүү учурундагы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Өкмөт башчынын буга чейин берген тапшырмасына ылайык, жаңы жылдык майрамдар учурунда Ички иштер Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков 2017-2018-жылкы кышкы туристтик сезондун башталышына расмий старт берди

30 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-декабрда, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Чуңкурчак» тоо лыжа базасында өткөн 2017-2018-жылкы кышкы туристтик сезондун расмий ачылышына катышты. Өкмөт башчы кышкы туризм өлкөдө жайкы туризм менен катар атамекендик экономиканы өнүктүрүүдө артыкчылыктуу тармактардын бири экендигин белгиледи. Анын айтымында, жыл сайын кышкы спорттун түрлөрүнө кызыккан чет элдик туристтердин жана өлкө жарандарынын саны Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков интернаттык мекемелерде жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө жашаган балдарды Жаңы жылы менен куттуктады

30 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун атынан жетим балдар жана ата-эненин камкордугусуз калган балдар үчүн интернаттык типтеги мекемелерде жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө жашаган балдар Жаңы жылга карата таттуу белектерди алышты. Белгилесек, балдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Президенттик шайлоону өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн бир катар жарандар сыйланды

30 Бештин айы, 2017

Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, ошондой эле 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентик шайлоосуна даярданууга жана өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн бир катар жарандар өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды: Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович        -        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык Уландысы

Өкмөттүн Аппарат жекетчиси – министр Нурханбек Момуналиев жарандарды президенттик шайлоону өткөрүүгө активдүү катышкан жарандарды сыйлады

30 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө бир катар жарандар кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы, ошондой эле 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланышты. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Кыргыз Республикасы 2015-жылы биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөргөндүгүн белгилеп кетти. «Биометрикалык малыматтарды чогултуп жатканда жарандар арасында Уландысы

Өкмөт өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн «Жаратылышты өнүктүрүү фондун» түздү

30 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков өлкөдөгү, анын ичинде «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда, экологиялык абалды жакшыртуу менен алектенген «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондун түзүү боюнча токтомго кол койду. «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат. Фонддун ишмердүүгү айлана чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчтөндүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «Centerra Gold Inc.» компаниясы Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жаңы имаратын пайдаланууга берилишин тездетүүнү тапшырды

29 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Премьер-министр транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук пункттарынын иши менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда тесттик режимде Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү Уландысы

1 3 4 5 6 7 621
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР