ЖЭЭНБЕКОВ Сооронбай Шарипович

ЖЭЭНБЕКОВ Сооронбай Шарипович

1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Адистиги – зооинженер, экономист.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолун 1976-жылы Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1977-жылдан 1983-жылга чейин – К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда студент.

1983-жылдын ноябрынан 1988-жылдын ноябрь айына чейин – Кара-Кулжа районунун “Совет” совхозунда башкы зоотехник.

1988-жылдын ноябрынан 1989-жылдын август айына чейин – Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору,

1989-жылдын августунан 1993-жылдын сентябрына чейин – Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы, директору.

1993-жылдын сентябрынан 1996-жылдын май айына чейин – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол колхозунун башкармасы.

1996-жылдын май айынан 2000-жылдын апрель айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы.

2000-жылдын апрель айынан 2005-жылдын мартына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары.

2005-жылдын март айынан 2006-жылдын декабрь айына чейин – Жогорку Кеңештин депутаты, Агрардык саясат жана экология боюнча комитеттин төрагасы.

2006-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын май айына чейин – Жогорку Кеңештин депутаты, Агрардык саясат боюнча комитеттин төрагасы.

2007-жылдын май айынан декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри.

2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрель айына чейин жеке ишкер.

2010-жылдын апрель  айынан 2012-жылдын август айына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору.

2012-жылдын август айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдын март айына чейин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору.

2016-жылдын 23-мартынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары.

2016-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР