Мыйзамдар

Улан Карагулов Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

10 Жетинин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылыйык Карагулов Улан Айтбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын   маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бактыбек Кудайбергенов Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

10 Жетинин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылыйык Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Нургазы Нишанов «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды

4 Тогуздун айы, 2017

Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Нишанов Нургазы Нурланович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Буга чейин Нургазы Нишанов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

Гульнура Торалиева КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

29 Баш оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Торалиева Гульнура Тынчтыкбековна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

Улан Садалиев Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды

3 Баш оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Садалиев Улан Шейшенбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук администрация башчысы-акимдин биринчи  орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бакытбек Жусупбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

3 Баш оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Жусупбеков Бакытбек Асанбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Күмүшбек Шамканов МКК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

3 Баш оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Шамканов Күмүшбек Куручбекович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Русланбек Сарыбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

6 Теке, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  кол койгон буйрукка ылайык, Сарыбаев Русланбек Рыскулбекович Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Камчыбек Акишев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду

6 Теке, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  кол койгон буйрукка ылайык,  Акишев Камчыбек Сабырбекович  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары  кызматынан бошотулду.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды

22 Кулжа, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Догоев Дастан Давлетович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2 3 51
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР