Мыйзамдар

Айтмамат Кадырбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

3 Теке, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык, Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Азамат Оморов КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

3 Теке, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Оморов Азамат Каныбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Мадаминжан Каратаев КР саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

20 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Каратаев Мадаминжан Мусаевич Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Мирлан Каниметов ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

18 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  кол койгон буйрукка ылайык, Каниметов Мирлан Дотанович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Болотбек Ибраимжанов Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды

13 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык,  Болотбек Ибраимжанов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Алтынбек Намазалиев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды

11 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Намазалиев Алтынбек Абдисаламович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Чодуров Касымбек Аламүдүн районунун акими кызматынан бошотулду

11 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык, Чодуров Касымбек Жалилович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунуштамасынын негизинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Абдиев Каныбек Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды

5 Кулжа, 2018

Абдиев Каныбек Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Адилбек уулу Шумкарбек КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды

31 Бугу, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Адилбек уулу Шумкарбек Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды. Ошол эле учурда Адилбек уулу Шумкарбек буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды

25 Бугу, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2 3 4 56
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР