2015 жылдык архиви

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Жаңы жыл майрамы менен куттуктоосу
31
Бештин айы

Куттуктоонун тексти: «Урматтуу мекендештер! Урматтуу кыргызстандыктар! Баарыңыздарды кирип келген жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Өтүп бара жаткан жыл Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы дүйнө үчүн орошон окуяларга бай, оош-кыйыштуу учурлар менен коштолду. Ошентсе да, баарыбыз биргеликте өлкөбүз үчүн абдан маанилүү жана пайдалуу иштерди жасай алдык. Биринчиден, 4-октябрда Кыргызстанда ачык-айкын, парламенттик шайлоо өткөрүп, жаңы чакырылыштагы парламентти түптөдүк. Муну Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү
31
Бештин айы

Бүгүн, 31-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү. Жыйында  “Кыргыз Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу жана эксплутациялоо боюнча келишимди денонсациялоо” жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жана эксплуатациялоо боюнча келишимди денонсациялоо» боюнча токтому каралды. Бул Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: “2016-жыл Кыргызстан үчүн тарыхый маанилүү окуяларга бай жыл”
31
Бештин айы

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 31-декабрдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди. Жыйында Темир Сариев 2015-жылдын жыйынтыгы жана Өкмөттүн келерки жылы аткара турган маанилүү иштери тууралуу маалымат берди. Премьер-министр Темир Сариев 2015-жылы Өкмөт бир катар маанилүү иштер аткарылып баштаганын белгилеп, 2016-жылы алар улантылаарын билдирди. «2016-жыл Кыргызстан үчүн тарыхый маанилүү окуяларга бай жыл. Эгемендик алганыбызга Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун отчетун укту
30
Бештин айы

Бүгүн, 30-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Турдубек Мамбетов өзү жетектеген мамлекеттик органдагы аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди. Турдубек Мамбетовдун маалыматы боюнча, быйыл республикалык бюджеттин капиталдык салымдар бөлүгүндө 38 обьектти  куруу каралса, жыл Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: “Жарандарыбызды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу керек”
30
Бештин айы

Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Улуттук Электр түйүндөр ишканасында электр тармактардын жетекчилеринин катышуусунда оперативдүү жыйын өткөрдү. Жыйында Токтогул ГЭСиндеги  кесепеттерин жоюу жана себептерин аныктоо маселеси каралды. Темир Сариев 23-декабрь жана 28-декабрда Токтогул ГЭСиндеги авариянын себебин аныктоо жана кесепетин жоюу боюнча иштер толук кандуу жүрүп жатканын жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу  Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырмасын берди
29
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев алдыдагы майрам күндөрү маданий-массалык иш-чаралардын уюшкандык менен өткөрүлүшүн, ошондой эле коомдук жана өрткө каршы коопсуздукту сактоо чараларын камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Укук коргоо органдарына шаарлардын борбордук аянттарында, маданий мекемелерде, эс алуу жайларында, соода борборлорунда коомдук тартипти сактоо чараларын, ошондой эле маанилүү стратегиялык обьектилердин коопсуздугун камсыздоону күчтөндүрүүнү тапшырды. Мындан Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы аскер кызматкерлери үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу менен таанышты
29
Бештин айы

Бүгүн, 29-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарындагы 12-кичи райондогу аскер кызматкерлери үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.  Премьер-министр аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу жана аларга тиешелүү шартты түзүү мамлекеттин жана Өкмөттүн негизги максаттарынын бири экенин, бул жаатта жигердүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Темир Сариев бул багыттагы иштер кийинки Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев кышкы каникул учурунда балдар үчүн маданий программа уюштуруу тапшырмасын берди
29
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиевага кышкы каникул учурунда балдар үчүн маданий программа уюштуруу тапшырмасын берди. Иштиктүү жыйындын жүрүшүндө Темир Сариев алдыда 25 күнгө созулчу кышкы каникул учурунда мектеп окуучуларынын эс алуусун уюштурууга байланыштуу бир катар чараларды кабыл алуу тапшырмасын койду. «Мектеп окуучуларынын алдында дээрлик бир айга жакын созулчу кышкы каникулда Уландысы

1 2 3 131
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР