2015 жылдык архиви

Премьер-министр Ж.Оторбаев КР социалдык өнүктүрүү министри К.Базарбаевге: «Көп нерселер жасалды, бирок үстүбүздөгү жылы чоң иштерди аткаруу зарыл»
16
Үчтун айы

Кечээ, 15-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2014-жыл үчүн иш жыйынтыгы жана 2015-жылга карата келечек пландар талкууланды. Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт социалдык өнүктүрүү тармагын колдоого өзгөчө көңүл бурат. «Күчтүү мамлекет калктын аярлуу катмарын колдоого бардар жарандардан жана ири ишканалардан түшкөн салыктардан Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев «Министр байланышта» акциясына катышууда
16
Үчтун айы

Бүгүн, 16-январда, “Ачык Өкмөт” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев «Вице-премьер-министр байланышта» акциясына катышууда. Учурда Т.Сарпашев «Биринчи радионун» түз обосунда «2014-жыл жыйынтыгы жана 2015-жылга карата пландар» темасында сөз сүйлөп, радиоугармандардын суроолоруна жооп берүүдө. Ушул эле теманын тегерегинде бүгүн саат 11.00 Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Тайырбек Сарпашевдин басма сөз жыйыны өтөт. Андан соң Биринчи Уландысы

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ош облусундагы социалдык обьектилерди кыдырат
15
Үчтун айы

Бүгүн, 15-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиеванын Ош облусу боюнча иштиктүү сапары башталды. Сапар жүрүшүндө вице-премьер-министр бир катар медициналык, билим берүү жана маданий мекемелерди кыдырып чыгат. Алсак, сапардын жүрүшүндө Дамира Ниязалиева Ош облус аралык кургак учукка каршы балдар ооруканасынын амбулатордук бөлүмүн, А.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясын, балдар бакчасын жана мектептерди кыдырат. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин жыйынтыгы: Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги позициясы
15
Үчтун айы

2014-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тарабынан “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 04.04-31.12 мезгил алкагындагы ишинин жыйынтыгы” аттуу китепче даярдалган, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын жыйынтыгы чагылдырылган. Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2014-жыл үчүн отчетуна ылайык, глобалдык атаандаштык көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 14 позицияга жогору көтөрүлүп, 107-орунга чыккан (мурда 121-орунда турган) жана өз Уландысы

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «ЖКК тутумунда тез арада тартип орнотуу зарыл»
14
Үчтун айы

Бүгүн, 14-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен КР ИИМ караштуу Жол-кайгуул кызматынын иши боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр билдиргендей, өлкөдө ЖКК иши жакшыртылбай жатат. «Коомчулукта ЖКК кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынын кыянаттык менен пайдалануусуна байланыштуу чыңалуу бар. Милиционер, дарыгер жана мугалимдер – мамлекеттик бийлик тууралуу пикирди түзүүчү кесип ээлери болуп Уландысы

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жарандарды кабыл алды
10
Үчтун айы

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева жарандарды кабыл алды. Кабыл алуу учурунда Дамира Ниязалиева встретилась Какиева К. (2-топтогу майып) жана Бакытбеков Б.Б. (1-топтогу майып) менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө Какиева К. жана Бакытбеков Б. Дамира Ниязалиевага бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды. Жарандар тарабынан көтөрүлгөн негизги көйгөйлөрдүн катарына турак-жай, ипотекалык насыя төлөө боюнча Уландысы

Инфографика: Жаңы тарифтик саясат
10
Үчтун айы

Кеңири түрдө жүргүзүлүп жаткан маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясынын алкагында электр энергиясына карата жаңы тарифтик саясат жөнүндө инфографиканы сунуштайбыз.   КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Ж.Оторбаев көзөмөлдөө-кассалык машиналарын фискалдаштыруу долбоорун киргизүү боюнча планды иштеп чыгууну тапшырды
9
Үчтун айы

Бүгүн, 9-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы менен көзөмөлдөө-кассалык машиналарын фискалдаштыруу долбоорун киргизүүнү талкуулады. Премьер-министр белгилегендей, 2015-жыл Кыргызстан үчүн өзгөчө болуп саналат. «Быйылкы жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан Кыргызстандын улуттук экономикасын чыңдоо жылы болуп саналат. Биз ушул жылы Кыргыз Республикасынын экономикасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө ниеттенүүдөбүз», — деп белгиледи Уландысы

1 127 128 129 130
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР