28 Үчтун айы архиви

Дамира Ниязалиева: «Биз балдардын жеке өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө колдон келген аракетти кылуубуз керек»
28
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапары алкагында Жети-Өгүз районундагы Дархан айылына барып, андагы айылдык клубдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Айыл башкармалыгынын жетекчиси Аскарбек Сатылганов белгилегендей, айылдык клубдун курулушу 2008-жылы башталган. «Клубдун курулушуна 28 млн сом бөлүнүп, учурда анын 23 млн сому өздөштүрүлгөн, азыр жасалгалоочу жана тийиштүү аймакты ирээтке келтирүү иштери калды. Уландысы

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Акыркы кездерде Кыргызстандын энергетикалык тармагындагы абал турукташты»
28
Үчтун айы

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өлкө экономикасынын жана калктын жылытуу мезгилинен өтүү маселеси боюнча 2014/2015-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын селектордук штабын өткөрдү. Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, акыркы кездерде республиканын энергетикалык тармактагы абалы турукташты. Декабрдын соңунда өлкөнүн түштүк аймагына газ берүү жандандырылды. Өкмөт башчы кошумчалагандай, Кыргызстан тарыхта алгач ирет 2014-жылы Уландысы

Темир эритүүчү заводдун алгачкы мешин ишке киргизүү 2015-жылдын орто ченине пландаштырылууда
28
Үчтун айы

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Таш-Көмүр шаарындагы темир эритүүчү заводдун курулушунун жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Заводдун өкүлдөрү вице-премьер-министрге курулуштун жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Алардын маалыматына ылайык, имараттын пайдубалы аяктап, курулуштун жогорку бөлүгү башталды. Кытайдан жабдуулардын бир бөлүгү сатылып алынып, каржылоонун 30-40% өздөштүрүлгөн. Темир эритүүчү заводдун алгачкы мешин ишке киргизүү 2015-жылдын орто ченине пландаштырылууда Уландысы

Т.Сарпашев жерлерди трансформациялоо үчүн түшкөн материалдарды текшерген ведомство аралык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү
28
Үчтун айы

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Ноокат районунда жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан жерлерди трансформациялоо үчүн Өкмөттүн кароосуна келип түшкөн документтерди текшерүү боюнча ведомство аралык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Ведомство аралык комиссия КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин тапшырмасы боюнча 2014-жылдын 30-декабрында түзүлгөн. Ведомство Уландысы

Өкмөт айыл жергесин медициналык жана педагогикалык адистер менен камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт
28
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева өз иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылында жайгашкан Үй-бүлөлүк медицина борборуна барды. Вице-премьер-министр борбордун иштөө шарты жана медициналык жардамга кайрылган жарандарды кабыл алуунун жүрүшү менен таанышты. Баарлашуу учурунда оорукана кызматкерлери вице-премьердин көңүлүн адистердин жетишсиздигине жана медициналык мекеменин жылытуу маселесине буруусун өтүнүштү. Вице-премьер-министр белгилегендей, быйылкы жылы медициналык жана Уландысы

Өкмөт «Центерра Голд Инк.» компаниясынын өкүлдөрү жана эл аралык консультанттар менен “Кумтөр” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
28
Үчтун айы

Кечээ, 27-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев министрлик жана ведомство жетекчилери, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун, ошондой эле «Центерра Голд Инк.» өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык консультанттары, тактап айтканда, «DLAPiper» юридикалык компаниясынын, «PricewaterhouseCoopers» финансылык компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле «AMEC» компаниясынын экологиялык маселелер боюнча консультанты катышты. «Центерра Голд Инк.» компаниясын башкы Уландысы

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусунун социалдык обьектилерин кыдырып чыгат
28
Үчтун айы

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиеванын Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк иш сапары башталды. Иш сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр социалдык-маданий мүнөздөгү бир катар обьектилерди кыдырып чыгат. Ошондой эле Дамира Ниязалиева КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактын 2014-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-жылга карата пландарды талкуулоо боюнча коллегиясынын ишине катышмакчы. КР Өкмөтүнүн Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР