Тогуздун айы 2015 айынын архиви

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевге Египеттин аймагындагы россиялык учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
31
Тогуздун айы

Бүгүн, 2015-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевге Египеттин аймагында россиялык учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. “Египет аймагындагы «Когалымавиа» россиялык авиакомпаниясына тийиштүү учактын кыйрашы, анын натыйжасында Россия Федерациясынын көп сандаган жарандарынын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”, — деп айтылат Кыргызстан Өкмөт башчысынын катында. Темир Уландысы

Премьер-министрдин м.а. Темир Сариев атактуу комузчу Самара Токтакунованын 70 жылдык мааракеси менен куттуктады
31
Тогуздун айы

30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев  Кыргыз Республикасынын эл артисти, атактуу комузчу  Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган чыгармачыл кечеге катышты. Темир Сариев Самара Токтакунованы 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, комузду чеберчилик менен аткаруу менен кыргыз элин дүйнөгө таанытып келгенин белгиледи. “Самара эжебиз  кандай гана концертке катышпасын ал чыкканда сахна толуп, эл дуулдап улуу Уландысы

Премьер-министрдин м.а. Темир Сариев: «Жолдорду куруу, оңдоо жана тейлөөдө сапатка өзгөчө көңүл буруу керек»
31
Тогуздун айы

Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Япониянын Өкмөтү бөлгөн гранттын негизде алынган жол тейлөө техникаларын тапшыруу аземине катышты. Темир Сариев 25 миллион доллар каражатка жол-тейлөө техникаларын бөлүп бергени үчүн Япониянын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. “Япониянын эли, Өкмөтү Кыргызстанга достук жана бир туугандык мамиле көрсөтүп, жардамын көргөзүп келет. Буга чейин Япониянын көмөгүнүн негизинде “Манас” Уландысы

Премьер-министрдин м.а. Темир Сариев Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдыгына арналган салтанатка катышты
31
Тогуздун айы

Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев  Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Темир Сариев укук коргоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкө коопсуздугу жана мыйзамдуулуктун сакталышынында милициянын мааниси өтө жогору экенин белгиледи. «Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын ишмердигине коом өзгөчө көңүл бурууда. Анткени милиция кызматкерлерине мамлекеттин атынан коомдук тартипти жана Уландысы

Дүйшөмбү шаарында КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
30
Тогуздун айы

Бүгүн, 30-октябрда, Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин катышуусунда өткөн КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылары төмөнкү документтерге кол койду: 1. Эркин соода аймагы жөнүндө келишим жоболорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу 2011-жылдын 18-октябрындагы чечими жана 2020-жылга чейинки КМШ Уландысы

КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышты
30
Тогуздун айы

Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Тажикстан Республикасынын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышты. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу  КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйынына катышты. Темир Сариев белгилегендей, Кыргыз Республикасы КМШ алкагындагы кызматташуунун, ошондой эле мүчө-өлкөлөр аралык достук мамилелелердин мындан Уландысы

КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун КМШ өкмөт башчылары менен жолугушуусуна катышты
30
Тогуздун айы

Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылары менен болгон жолугушуусуна катышты. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин катышуучуларынын иши жемиштүү болуусун каалады. “Дүйнөлүк каатчылык учурунда КМШ өлкөлөрү биримдикте болуп, саясый, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык жааттагы маселелерди бирге чечүүлөрү Уландысы

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту
29
Тогуздун айы

Бүгүн, 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Дүйшɵмбү шаарына КМШ Өкмɵт башчылар кеңешине катышуу үчүн келди. Темир Сариевди аэропорттон Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим тосуп алды. Иштиктүү сапардын алкагында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндɵ тараптар ар-кыл тармактагы эки тараптуу кызматташууну ɵнүктүрүү маселесин талкуулады. Кохир Расулзода Уландысы

1 2 3 10
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР