Жетинин айы 2015 айынын архиви

Премьер-министр Темир Сариев: «Аймак жетекчилери республикалык бюджеттен каржыланган объектилердеги иштин сапатын тыкыр кɵзɵмɵлгɵ алуусу зарыл»
27
Жетинин айы

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөт жыйынынын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга карата республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга карата болжолу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору талкууланган учурда билдирди. Аталган маселе боюнча баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев чыгып, 2015-жылга карата бюджеттин киреше бɵлүгүнɵ түзɵтүүлɵрдү киргизүүнүн негизги фактору катары Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Бишкек мэриясынын ишин сынга алды
27
Жетинин айы

Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөт жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Бишкек мэриясынын ишин сынга алды. Республикалык маанидеги, ошондой эле облустук жана райондук деңгээлдеги жана Бишкек шаарындагы автожолдордун курулушу жана оңдолушу маселесин талкуулоо учурунда Темир Сариев белгилегендей, бөлүнүп жаткан каражаттар натыйжалуу түрдө пайдаланылышы кажет. «Бардык жүргүзүлүп жаткан иштер сапаттуу Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев валюта рыногундагы абал жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу чаралары боюнча билдирүү жасады
27
Жетинин айы

Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөт жыйынында валюта рыногундагы абал жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу чаралары боюнча атайын билдирүү жасады. Премьер-министр Темир Сариев 26-ноябрда өлкөнүн валюта рыногунда улуттук валютанынын курсунда кескин секирик болуп, 79 сомго чейин жеткенин билдирди. Мындай абал валюта рыногундагы спекулятивдик  аракеттердин жана айрым коммерциялык банктардын туура эмес иш чараларынын натыйжасында Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алуу боюнча бардык операциялар улуттук валютада гана жүргүзүлүшү тийиш»
27
Жетинин айы

Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында валюта рыногундагы абал жана улуттук валютаны алмаштыруу курсун турукташтуруу чараларына арналган жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов валюталык рыноктогу абал, улуттук валютага карата спекулянттык чабуулду чагылдыруу үчүн жөндөөчү аракеттер тууралуу маалымат берди. Премьер-министр Темир Сариев белгилегендей, өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрдү Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Жыл жыйынтыгы боюнча республикада 70 окуу-жайы жана 8 саламаттык сактоо объектиси курулат»
27
Жетинин айы

Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 2015-жылдын ноябрь-декабрь айларында ишке киргизиле турган мектептердин курулушунун жүрүшү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анын жүрүшүндө белгилүү болгондой, жыл жыйынтыгы боюнча республикада 70 окуу-жайы жана 8 саламаттык сактоо объектиси курулат. Темир Сариев белгилегендей, бардык социалдык объектилердин курулушу өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү кажет. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Элдин санынын көбөйүшү мамлекеттеги тынчтык жана бейпилдиктин белгиси»
26
Жетинин айы

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев алты миллионунчу атуулдун төрөлүшүнүн урматына уюштурулган майрамдык иш-чарага катышты. Премьер-министр Темир Сариев алты миллионунчу жарандын төрөлүшү менен кыргызстандыктарды куттуктап, ымыркайга чың ден соолук тиледи. «Жарык дүйнөгө жаңыдан келген ымыркайыбыздын бешик боосу бек болсун! Алты миллионунчу атуулубуз элибиз жана мамлекетибиз үчүн ак жолтой кыздардан болсун! Кыз – бул тазалыктын, Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Чехиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигованы кабыл алды
26
Жетинин айы

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев  Чехия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигованы кабыл алды. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык кеңейтүү маселелерин талкуулады. Премьер-министр Темир Сариев эки өлкө ортосунда тарыхый байланыш бар экенин, Чехиянын  “Интергельпо” кооперативи Кыргызстандагы өнөр жайды өнүктүрүүгө салымы болгонун билдирди. Премьер-министр Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында Өкмөттүн күз-кышкы мезгилге даярдыгы боюнча маалымат берди
26
Жетинин айы

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын  Премьер–министри Темир  Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйында күз-кышкы мезгилге карата Өкмөттүн даярдыгы боюнча маалымат берди. Премьер-министр күз-кышка даярдык көрүү үчүн Республикалык штаб түзүлүп, иш алып барып жатканын билдирди. “Бүгүнкү күндө энергетика системасы кышка даяр деп ишенимдүү айта алабыз.Бардык керектөөчүлөргө, анын ичинде медициналык мекемелерге, бала бакчаларга, мектептерге, окуу жайларга жана турак-жайларга Уландысы

1 2 3 4 13
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР