Жетинин айы 2015 айынын архиви

КР Премьер–министри парламентте Ош облусундагы жер титирөө кесепеттерин жоюу иштери боюнча маалымат берди
26
Жетинин айы

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын  Премьер–министри Темир  Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйында Ош облусунда 17-ноябрда орун алган  жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштери боюнча маалымат берди. Премьер–министрдин маалыматына ылайык, табигый кырсык катталаар менен жер титирөөнүн очогуна жайгашкан Он облусунун  Кара-Суу жана Алай районундагы айылдарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, алгачкы жардамды көрсөттү. Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйынын өткөрдү
25
Жетинин айы

Бүгүн, 25-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйын жүрүшүндө продукцияны экспорттоо жана импортту алмаштыруучуларды кеңейтүү, курулуш тармагынын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору, ошондой эле соода-логистикалык борборлорду түзүү  чараларына тийиштүү маселелер каралды. Темир Сариевдин айтымында, Өкмөт атамекендик ишкерлер тушугуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берип, аларга көмөк көрсөтөт. «Өткөн жумада Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев төө буурчакты үзгүлтүксүз сатууга арналган жумушчу жыйын өткөрдү
25
Жетинин айы

 Бүгүн, 25-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Талас облусундагы дыйкандар өндүргөн төө буурчакты үзгүлтүксүз сатууну уюштурууга арналган жумушчу жыйын өттү. Анын жүрүшүндө төө буурчак баасын жогорулатуу боюнча жаңы базарларды табуу жаатында Премьер-министрдин тапшырмасынын аткаруу жүрүшү талкууланды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын бир катар өлкөлөрдөгү элчиликтери жаңы базарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев ЕККУнун улуттар азчылыгы иштери боюнча Жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды
25
Жетинин айы

Бүгүн, 25-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) улуттар азчылыгы иштери боюнча Жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы этностор аралык мамилелери боюнча кызматташуусунун маселелери талкууланды. Премьер-министр өлкөдөгү  этностор аралык мамиле жана бул багыттагы жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу маалымдап, Өкмөт Кыргызстанда элдин биримдигин жана Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Архив агенттигинин ишин оптимизациялоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү
25
Жетинин айы

Бүгүн, 25-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызмат алдындагы Архив агенттигинин ишин оптимизациялоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Премьер-министрге берилген маалыматка ылайык, Архив агенттигинин тутумунда 65 архив иштейт, анда 1831-жылдан азыркы учурга дейре жалпысынан 4 млн 300 миң кагаз документ сакталат. Бирок архивде сакталган документтердин көлөмү жыл сайын Уландысы

(Русский) «Кыргызстан изучит предложение компании «Space Star Technology Co Ltd» по созданию спутникового образовательного канала»
24
Жетинин айы

Такая договоренность достигнута по итогам встречи вице-премьер-министра Кыргызской Республики Олега Панкратова с представителями компании «Space Star Technology Co Ltd» (Китайская Народная Республика). «Торгово-экономическое и гуманитарное сотрудничество между нашими странами развивается весьма динамично. Поэтому стремление компании «Space Star Technology Co Ltd» реализовать на территории республики проект по внедрению спутникового дистанционного образовательного канала объяснимо. Учитывая важность создания Уландысы

Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Ош облусундагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча селектордук жыйын өттү
23
Жетинин айы

Бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Ош облусундагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча селектордук жыйын өттү. Анын жүрүшүндө, 17-ноябрда Ош облусунда орун алган жер титирөөнүн кесепетин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселелери талкууланды. Премьер-министр Темир Сариев кырсык масштабдуу кесепеттерди алып келгенин, келтирилген кырсыктын кɵлɵмүн эсептөө боюнча иштер уланып жатканын билдирди. “Кырсыктын кесепети Уландысы

Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча майып А.Шүкүровдун үй-бүлөсү үчүн жаңы үй курулду
23
Жетинин айы

Бүгүн, 23-ноябрда, майып Аманжан Шүкүровдун үй-бүлөсү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин жеке каражатына курулган жаңы үйгө киришти. Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында Курман айт майрамында Темир Сариев Аманжан Шүкүровдун үй-бүлөсүнүн абалы менен таанышкан. Анын айтымында, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары – мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, майыптыгы боюнча алардын эмгектенүүгө мүмкүндүгү жок. Алар майыптыгы боюнча мамлекеттик жөлөкпул жана акчалай Уландысы

1 2 3 4 5 13
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР