6 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында кышка даярдык талкууланды
6
Жетинин айы

Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Темир Сариевдин төрагалыгы алдында кышкы мезгилге даярдык боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы тууралуу маалымат угулду. Жыйын жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев кышкы сезонго даярдыкты жакшылап уюштуруу Өкмөттүн милдеттеринин бири болгонун белгилеп, тапшырмаларды өз деңгээлинде аткара албаган органдарга карата чаралар көрүлөрүн Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Кара-Суу районундагы көмүр кениндеги кырсыктын себептерин териштирүүнү тапшырды
6
Жетинин айы

Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөт алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга Кара-Суу районундагы Кожокелен айылындагы көмүр кенинде үч адамдын өмүрүн алган кырсыктын себептерин териштирүү тапшырмасын берди. Премьер-министр аталган кендеги техникалык коопсуздук эрежелери сакталышы боюнча иликтөө жүргүзүү менен кенди иштеткен ишкана жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону тапшырды. Ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Өкмөт мүчөлөрү ант берди
6
Жетинин айы

Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жана анын элинин алдында ант берди. Алгач Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев ант берди. Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мүчөлөрү өз антын беришти. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Өкмөт мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого жана өз милдеттерин ак  Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунун ишинин башталышына арналган иш-чарага катышты
6
Жетинин айы

5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунун ишинин башталышына арналган иш-чарага катышты. Темир Сариев аталган фонддун активдүү түрдө ишин башташын маанилүү экенин белгилеп,  анын алдында өтө маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу максаты турганын билдирди. “Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду терең ойлонулган саясат жүргүзүшү зарыл. Блу жаатта жигердүү иш алпарып, өлкө үчүн маанилүү болгон долбоорлорду кечиктирбестен каржылоого Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР