12 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Темир Сариев: “Өлкөдө футболдук дух пайда болду”
12
Жетинин айы

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев бүгүн,12-ноябрда, өлкөдө клубдук футболду өнүктүрүүгө арналган жолугушууда билдирди. Жолугушууга Кыргызстандагы ири компаниялардын өкүлдөрү, Футбол федерациясынын мүчөлөрү жана футбол ишмерлери катышты. Темир Сариев Кыргызстанда туруктуу мамлекет куруу аракети активдүү жүрүп жатканын билдирип, бул максатты ишке ашыруу үчүн алгач жолу парламенттик шайлоону ачык-айкын, мыйзамдын чегинде өткөрүлгөнүн белгиледи. Ошол эле учурда Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев кызматтык милдетин аткарууда курман болгон сержант Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө 100 000 сом бөлдү
12
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев  кызматтык милдетин аткарып жатып, сууга чөгүп бара жаткан аялды сактап калам деп курман болгон сержант Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө 100 000 сом бөлдү. Өкмөттүн резервдик фондунан бөлүнгөн каражат бүгүн, 12-ноябрда, Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө тапшырылды. Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 8-ноябрында Чүй облусунун Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардагы Уландысы

Абдылдабек уулу Манас жөнундө буйрук
12
Жетинин айы

Абдылдабек уулу Манас Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кол койду.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева: «Өлкөдө дары-дармектердин баасын, калктын социалдык абалына ылайыктуу кылып өзгөртүү зарыл»
12
Жетинин айы

Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева эң маанилүү дары-дармектерге болгон баа саясатын жөнгө салуу боюнча өткөн жыйынга катышты. КР Вице-премьер-министринин айтымында, жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча жарандардын ден-соолугун жакшыртууга корогон каражаттын 60% дары сатып алууга сарпталууда.  Дарыканалардагы бааларга мониторинг жүргүзүү жана бул багытта маалымат технологиясын өнүктүрүү төмөн болуп жатат. Мындан улам, бир эле дарыгер баалар ар Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Жаныбек Капаровду жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алды
12
Жетинин айы

Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Жаныбек Капаровду жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алды. Жолугушууда Темир Сариев аскер жетекчилигин жаңыдан жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, алардын алдында өтө жоопкерчиликтүү милдеттер турганын билдирди. “Учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын алдында аскер реформасын улантуу Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР