13 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Темир Сариев 2016-жылдын 1-январына дейре Кадамжай районундагы негизги ирригациялык объектилердин курулушун жыйынтыктоону тапшырды
13
Жетинин айы

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 2016-жылдын 1-январына дейре “Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин өздөштүрүү” ирригациялык объектисинин негизги курулуштарын жыйынтыктоону тапшырды. Аталган тапшырма КР Өкмөтүнүн жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министрлигине берилди. Темир Сариев белгилегендей, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди, ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин өздөштүрүү эсебинен калктын тышкы, ички миграциясын токтотуу Уландысы

Өкмөттө 2015-жылга мамлекеттик органдардын иш пландарынын аткаруунун жыйынтыгы талкууланды
13
Жетинин айы

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңейтилген жыйынында 2015-жылга мамлекеттик органдардын иш пландарынын аткаруунун жыйынтыгы талкууланды. Мамлекеттик органдардын 11 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министрлер маалымат беришти. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин маалыматы боюнча өлкөдөгү айыл чарба, курулуш, айлана-чөйрөнү коргоо, транспорт жана коммуникация, байланыш тармагы боюнча 231 иш чара пландалып, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Дыйкандардын эмгегинин акыбети кайтышы үчүн Өкмөт бардык чараларды көрөт»
13
Жетинин айы

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Темир Сариев 13-ноябрдагы Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдирди. Премьер-министр учурда актуалдуу маселелердин бири  болуп, Талас облусундагы  төө буурчактын баасы эсептелээрин белгилеп, аны ыкчам чечүү милдети турганын билдирди. Темир Сариев бул маселе боюнча ушул апта башында Талас облусуна сапар менен барып, анын жүрүшүндө Кара-Буура районунда жана Талас шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Жакынкы жылдары финансылык жана экономикалык көз карандысыздыкты камсыздообуз керек»
13
Жетинин айы

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев бүгүн, 13-ноябрда, Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдирди. Премьер-министр Жогорку Кенеш Өкмөткө жогорку ишеним көрсөтүп, анын курамын бекитип бергенин билдирди. «Бул – Өкмөт кынтыксыз иштеп, ишинде эч кандай кемчилик жок дегенди билдирбейт. Учурдагы абалды жана Өкмөттүн жөнөкөй эмес кырдаалда иштеп баштаганын эске алуу менен бизге көрсөтүлгөн ишеним болду. Азыр дүйнөлүк Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Сирил Муллер баштаган делегацияны кабыл алды
13
Жетинин айы

12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев  Дүйнөлүк банктын Европа жана  Борбор Азия аймакгы боюнча вице-президенти Сирил Муллер баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды. Премьер-министр Темир Сариев Сирил Муллерди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын ортосунда ишенимге негизделген кызматташтык бар экенин белгиледи. Премьер-министр 4-октябрда жаңы Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Айыл чарба тармагын колдоого арналган насыя демилгелүү дыйкан-фермерлерге жеңил шартта жеткендей шарт түзүү зарыл»
13
Жетинин айы

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунан айыл чарба тармагын колдоо боюнча жумушчу жыйын өттү. Жыйын жүрүшүндө, Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунан айыл чарба тармагын колдоого багытталган насыяларды калыс жана жеткиликтүү бөлүштүрүү маанилүү экенин белгилеп, бул жааттагы ишти күчөтүү зарылчылыгы турганын билдирди. «Бул насыяларга суроо-талап абдан чоң. Бирок калк Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин дарегине чет элдик мамлекеттердин өкмөт башчыларынан келген куттуктоолор
13
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин дарегине чет элдик мамлекеттердин өкмөт башчыларынан жогорку мамлекеттик кызматка  – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышына байланыштуу куттуктоолор келип түшүүдө. Төмөндө айрым куттуктоолордун текстин келтиребиз: «Урматтуу Темир Аргембаевич, Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм. Менин ишенимимде, мындан ары карай россия-кыргыз стратегиялык шериктештигинин чыңдалышы, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жна башка тармактагы Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР