14 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Темир Сариев КР УКМК жана КР ИИМ Францияда орун алган террактыга байланыштуу өлкөдөгү коопсуздук чараларын күчтөндүрүүнү тапшырды
14
Жетинин айы

Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Францияда орун алган террактыга байланыштуу өлкөдөгү коопсуздук чараларын күчтөндүрүү тапшырмасын берди. «Укук коргоо кызматкерлери ири соода түйүндөрүндөгү жана социалдык обьектилердеги коопсуздук көзөмөл кызматтары менен биргеликте ишти күчөтүүсү зарыл. Мындай иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, көптөгөн өлкөлөрдөгү террактылардын көбөйүүсүнө байланыштуу алдын Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Франциянын Премьер-министри Мануэль Вальска Париж шаарындагы террордук актыга байланыштуу кɵңүл айтты
14
Жетинин айы

Бүгүн, 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Франция Республикасынын Премьер-министри Мануэль Вальска Париж шаарындагы террордук актыга байланыштуу кɵңүл айтты. «Париж шаарында кɵптɵгɵн тынч жарандардын ɵмүрүн алган 2015-жылдын 13-ноябрындагы террордук акт тууралуу кабарды абдан кайгыруу менен кабыл алдым», – деп айтылат Премьер-министрдин кɵңүл айтуусунда. Темир Сариев каза болгондордун туугандары жана жакындарына терең кɵңүл айтып, жараат алгандардын Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия жана спорт комплексинин курулушу менен таанышты
14
Жетинин айы

Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ысык-Кɵл облусуна иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия жана спорт комплексинин курулушу менен таанышты. Премьер-министр спорт комплекстин мааниси чоң экенин белгилеп, аймактардагы спорт жана дене тарбияны жайылтууга олутуу салым кошоорун билдирди. «Аймактарда спортту жайылтуу үчүн жер-жерлерде заманбап спорттук жайларды салышыбыз керек. Алардын бири Чолпон-Ата шаарында «Газпром-Кыргызстан»компаниясынын кɵмɵгү Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоонун башталышына арналган иш-чарага катышты
14
Жетинин айы

Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ысык-Көл облусуна карай бир күндүк иш сапарынын алкагында Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду   автожолун реконструкциялоонун башталышына  арналган иш-чарага катышты. «Бүгүн мен ɵлкɵ Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча аталган автожолдун курулушун баштоо максатында Ысык-Кɵл облусуна келдим. Бул жол аймактарды байланыштырууга ыңгайлуу шарт түзɵт. Президенттин демилгеси боюнча Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу курулууда, ал курулуп Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Балыкчы шаарындагы «Каухар-Таш» заводунун иши менен таанышты
14
Жетинин айы

Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ысык –Кɵл облусуна иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы «Каухар-Таш» темир-бетон заводунун иши менен таанышты. Премьер-министр аймактардагы мындай заводдун иштеши маанилүү экенин белгилеп, туруктуу түрдɵ иштешине кɵмɵктɵшүү керектигин билдирди. Темир Сариев Балыкчы –Корумду жолун оңдоо иштери башталып жатканын маалымдап, завод чыгарган продукцияны курулуш үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Уландысы

Премьер-министр Темир Сариевдин Ысык-Көл облусуна бир күндүк иш сапары башталды
14
Жетинин айы

Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Ысык-Көл облусуна бир күндүк иш сапары башталды. Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Балыкчы шаарындагы “Каухар-Таш” таш-темир заводунун ишмердиги менен таанышат жана Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун оңдоо иштеринин башталыш иш-чарасына катышат. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышып, аталган шаардагы ипподромду реконструкциялоого арналган жыйын өткөрөт. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР