26 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Темир Сариев: «Элдин санынын көбөйүшү мамлекеттеги тынчтык жана бейпилдиктин белгиси»
26
Жетинин айы

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев алты миллионунчу атуулдун төрөлүшүнүн урматына уюштурулган майрамдык иш-чарага катышты. Премьер-министр Темир Сариев алты миллионунчу жарандын төрөлүшү менен кыргызстандыктарды куттуктап, ымыркайга чың ден соолук тиледи. «Жарык дүйнөгө жаңыдан келген ымыркайыбыздын бешик боосу бек болсун! Алты миллионунчу атуулубуз элибиз жана мамлекетибиз үчүн ак жолтой кыздардан болсун! Кыз – бул тазалыктын, Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Чехиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигованы кабыл алды
26
Жетинин айы

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев  Чехия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигованы кабыл алды. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык кеңейтүү маселелерин талкуулады. Премьер-министр Темир Сариев эки өлкө ортосунда тарыхый байланыш бар экенин, Чехиянын  “Интергельпо” кооперативи Кыргызстандагы өнөр жайды өнүктүрүүгө салымы болгонун билдирди. Премьер-министр Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында Өкмөттүн күз-кышкы мезгилге даярдыгы боюнча маалымат берди
26
Жетинин айы

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын  Премьер–министри Темир  Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйында күз-кышкы мезгилге карата Өкмөттүн даярдыгы боюнча маалымат берди. Премьер-министр күз-кышка даярдык көрүү үчүн Республикалык штаб түзүлүп, иш алып барып жатканын билдирди. “Бүгүнкү күндө энергетика системасы кышка даяр деп ишенимдүү айта алабыз.Бардык керектөөчүлөргө, анын ичинде медициналык мекемелерге, бала бакчаларга, мектептерге, окуу жайларга жана турак-жайларга Уландысы

КР Премьер–министри парламентте Ош облусундагы жер титирөө кесепеттерин жоюу иштери боюнча маалымат берди
26
Жетинин айы

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын  Премьер–министри Темир  Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйында Ош облусунда 17-ноябрда орун алган  жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштери боюнча маалымат берди. Премьер–министрдин маалыматына ылайык, табигый кырсык катталаар менен жер титирөөнүн очогуна жайгашкан Он облусунун  Кара-Суу жана Алай районундагы айылдарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, алгачкы жардамды көрсөттү. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР