2016 жылдык архиви

Премьер-министр Темир Сариев: «Кыргызстан гидроэнергетикага басым жасайт»
5
Үчтун айы

Бул тууралуу бүгүн, 5-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КТРКнын «Биринчи радиосуна» түз ободо маалымат берген учурда билдирди. Өлкөдө шамалдан, күндөн жана суудан энергия алуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Алардын эң арзаны жана Кыргызстандын экономикалык шартына ылайыктуусу суудан энергия алуу экенин белгилеген Өкмөт башчы, бул багытта 2016-жылы аткарыла турган бир топ ири долбоорлорго токтолду. «Кара-Кече көмүр кенинин Уландысы

Премьер-министр “Биринчи радионун” түз обосунда өлкөдөгү энергетика тармагындагы абал боюнча суроолорго жооп берди
5
Үчтун айы

Бүгүн,  5-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Биринчи радионун түз обосунда маек куруп,  жарандардын суроолоруна жооп берди.  Бул ирет өлкөдөгү энергетика тармагындагы абал, долбоорлор жана  Токтогул ГЭСинде авариялык жарактан чыккан жабдыктын оңдоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСиндеги жарактан чыккан жабдыктарды оңдоо күчөтүлгөн  темпте жүрүп жатканын жана калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев 15-августка дейре Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду реконструкциялоону жыйынтыктоо тапшырмасын берди
4
Үчтун айы

Бүгүн, 4-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында  II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу алкагында Бактуу-Долоноту  айылындагы ипподромду реконструкциялоо боюнча жумушчу жыйын болуп өттү. Премьер-министр аталган оюндарды өткөрүү Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, ага карата даярдыкты жогорку деңгээлде жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин директору Турдубек Мамбетовдун Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Күрпсай ГЭСинин иши менен таанышты
2
Үчтун айы

Жалал-Абад облусу боюнча иш сапарынын алкагында Кыргыз Распубликасынын Премьер-министри Темир Сариев Күрпсай гидроэлектростанциясынын техникалык абалы жана андагы суунун деңгээли менен таанышты. Өкмɵт башчы менен маектешүү учурунда энергетиктер маалымдашкандай, гидроэлектростанция штаттык режимде иштɵɵсү үчүн суунун деңгээлин кармоо керек. Учурда Токтогул суу сактагычынан келген суу тɵмɵндɵ жайгашкан  - Күрпсай, Шамалдысай, Таш-Кɵмүр жана Үч-Коргон ГЭСтерине агып түшɵт. Бул Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Өлкɵнүн жалпы ГЭСтерин баскыч-баскычы менен реконструкциялоодон ɵткɵрүү зарыл»
2
Үчтун айы

Бул туурасында Кыргыз Распубликасынын Премьер-министри Темир Сариев бүгүн Токтогул гидроэлектростанциясында ɵткɵн кɵчмɵ жыйындын жүрүшүндɵ билдирди. «23-декабрда ɵлкɵнүн ири ГЭСинде авария орун алды. Учурда энергетиктер күнү-түнү авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иш жүргүзүүдɵ. Үстүбүздɵгү жылдын 15-январына чейинки мɵɵнɵттɵ оңдоо иштерин жыйынтыктоого ниеттенип жаткан энергетиктерге ыраазычылык билдиргим келет. Ал үчүн зарыл нерселердин бардыгы бар, каржы, жабдыктар жана жогорку Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСинин иши жана авариялык жарактан чыккан жабдыктарды оңдоонун жүрүшү менен таанышты
2
Үчтун айы

Бүгүн, 2-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Токтогул ГЭСинин иши жана авариялык жарактан чыккан жабдыктарды оңдоонун жүрүшү менен таанышты. Темир Сариев Токтогул ГЭСиндеги иштен чыккан жабдыктарды алмаштыруу иштерин тездетип, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу Өкмɵттүн негизги милдети экенин билдирди. «Токтогул ГЭСиндеги жабдыктардын иштен чыгышы биз үчүн абдан чоң коңгуроо. Себеби, энергетика системасындагы жабдыктар Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев 2016-Жаңы жылды “Ала-Тоо” аянтында борбор калаа тургундары жана меймандары менен бирге тосту
1
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баштаган Өкмөт мүчөлөрү Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында 2016-Жаңы жылды борбор калаа тургундары жана меймандары менен бирге тосту. Темир Сариев кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап, 2016-жыл өлкө жана анын ар бир жараны үчүн эң мыкты жылдардан болушун тиледи. “Жаңырган жыл өлкөбүз үчүн жана элибиз үчүн ийгиликтүү жыл болсун! Элибиз аман, журтубуз Уландысы

1 146 147 148
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР