2016 жылдык архиви

Жазгүл Кийизбаева Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды
27
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кийизбаева Жазгүл Ильичевна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Юстиция министри Уран Ахметовду кабыл алды
27
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков,  бүгүн, 27-декабрда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметовду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчыга ведомство ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, Уран Ахметов министрлик тараптан ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо, мыйзам чыгаруу пландары жана 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын  Калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди. Ошондой Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарын оңдоп-түзөө иштери менен таанышты
26
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 26-декабарда, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Токмок-автожол” жана “Кең-Булуң-автожол” көзөмөл өткөрүү жайларын реконструкциялоо жана заманбап жабдыктар менен камсыз кылуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Кең-Булуң айылындагы көзөмөл өткөрүү бекетинин сметалык баасы 29 998,8 миң сомду түзүп, учурда пайдубалы түптөлсө,  А блогу толугу менен бүтүп, Б блогунун тосмосу орнотулуууда. Мындан Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кышкы туризмди өнүктүрүү жайкы туризм менен катар артыкчылыктуу багыт катары саналат
26
Бештин айы

«Кышкы туризмди өнүктүрүү  жайкы туризм менен катар  артыкчылыктуу багыт катары саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков,  25-декабрда, Чүй  областынын Аламүдүн районундагы «Чункурчак» тоо лыжа базасындагы 2016-2017-жылкы кышкы сезондун ачылыш аземинде. Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө кышкы туризм тармагы тездик менен өнүгүүдө. «Жыл бою туризмди өткөрүү  үчүн жергиликтүү жана чет элдик конокторго Уландысы

Бардык мамлекеттик мекемелердеги кызытуучу лампалар акырындык менен жарык диоддук лампаларга алмаштырылат
26
Бештин айы

Бардык мамлекеттик мекемелердеги кызытуучу лампалар акырындык менен жарык диоддук лампаларга алмаштырылат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов 23-декабрда мамлекеттик мекемелердин коммуналдык тейлөөлөргө чыгымдарын оптимизациялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Олег Панкратов белгилегендей, энергетикалык кубаттуулуктарды сарамжалдуу пайдалануу маселеси бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болуп саналат. «Өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты төмөндөтүү максатында жаңы генерациялык кубаттуулуктарды куруу зарылдыгы тууралуу Уландысы

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакировго сөгүш жарыяланды
26
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Абакиров Эльдар Курманбековичке жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү аткарбыгындыгы үчүн сөгүш жарыяланды. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн кызматтык катынын негизинде Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Ош облусуна барды
24
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, бир күндүк жумуш сапары менен Ош облусуна барды. Өкмөт башчы реконструкциясы дээрлик жыйынтыкталып калган Ош аймактык ветеринардык диагностика борборунун иши менен таанышты. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сапар алкагында Ош шаарындагы спорттук комплекстин ачылыш салтанатына катышып, Тилеке баатыр жана Сай-Бою көчөлөрүн байланыштырган көпүрөнүн долбоору менен таанышты. Ошондой эле Өкмөт башчынын Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы орто мектептин ачылыш аземине катышты
24
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Араван районунун Жеке-Мисте айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышты. Өкмөт башчысы, жыл өткөн сайын билим берүү тармагына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын көлөмү артып жатканын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин 19,2% ушул секторго багытталган. Эгерде 2010-жылы билим берүүгө 12 млрд сом бөлүнсө, Уландысы

1 2 3 4 148
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР