2016 жылдык архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Калктын ден-соолугу – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири
24
Бештин айы

«Калктын ден-соолугу – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык ооруканынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылышында. Ноокат райондук администрация башчысы– акими Бекболот Айтиев маалымдагандай, аталган объектин курулушу 2014-жылы башталган. Имарат эки кабаттан турат, жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзөт, 50 орунга ылайыкталып, учурда Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков : Өкмөт спортту өнүктүрүүгө, келечектеги дени сак муунду тарбиялоого багытталган ишти улантат
24
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, Ош облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош шаарындагы спорттук комплекстин ачылыш салтанатына катышты. Өкмөт башчы белгилегендей, учурда өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө багытталган активдүү иш жүрүүдө. Республика боюнча ар-кыл спорттук аянттар жана комплекстер курулууда. Кыргызстанда эл аралык, республикалык маанидеги, анын катарында Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүүдө. Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош аймактык ветеринардык диагностика борборунун абалы менен таанышты
24
Бештин айы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, Ош облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүүрүшүндө Ош аймактык ветеринардык диагностика борборунун иши менен таанышты. Белгилүү болгондой, Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр кызматына дайындалгандан тарта Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары ЕАЭБ талаптарына ыңгайлашуу шартында өлкөнүн инфраструктурасын, анын ичинде карантиндик фитосанитардык чараларды лабораториялык камсыздоо тутумун өркүндөтүүнү аныктаган. Аталган иштин алкагында жалпы республика Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жумушчу сапары менен барат
24
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Өкмөт башчы реконструкциясы дээрлик жыйынтыкталып калган Ош аймактык ветеринардык диагностика борборунун иши менен таанышат. Белгилүү болгондой, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматка дайындалгандан тарта Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары ЕАЭБ талаптарына ыңгайлашуу шартында өлкөнүн инфраструктурасын, анын ичинде карантиндик фитосанитардык чараларды лабораториялык Уландысы

Рустам Курманов КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору кызматынан бошотулду
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон  буйрукка ылайык, Курманов Рустам Абдыкайыпович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору кызматынан бошотулду. Чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан учурдагы антикоррупциялык мыйзамдын талаптарын сактоого тийиштүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Анын жүрүшүндө Депратаменттин ишинде одоно жана финансылык мүнөздөгү көп сандаган Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Иран Президенти Хасан Роухани менен жолугушту
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-декабрда, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани менен жолугушту. «Сиздин Кыргызстанга жасаган сапарыңыз эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо маанилүү окуя болуп саналат. Сиздин сапарыңыздын алкагында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн катышуусундагы Бизнес-форумдун актуалдуулугун жана өз учурунда өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп кетким келет. Форум – Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн алыскы аймактарына жаш педагогдорду тартуу боюнча ишти жандандырууну тапшырды
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында өлкөнүн алыскы аймактарына жаш педагогдорду тартуу боюнча ишти жандандыруну тапшырды. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги айыл мектептеринде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүүчү жаш мугалимдерди колдоого алуу программасын жандандандыруусу зарыл. Буга катар эмгектенүү үчүн тийиштүү Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Мамлекеттик миграция кызматынын борбордук аппаратына төрага Медетбек Айдаралиевди тааныштырды
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 23-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын борбордук аппаратына төрага Медетбек Айдаралиевди тааныштырды. Мухамметкалый Абулгазиев Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилиги ведомствого жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракетти жумшаарына ишеним билдирди. Ал жаңы жетекчиликке жана жамаатка ийгиликтерди жана ырааттуу ишти каалады. Белгилесек, бүгүн Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол Уландысы

1 2 3 4 5 148
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР