Үчтун айы 2016 айынын архиви

«Тарых жана маданият» жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү
29
Үчтун айы

Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында «Тарых жана маданият» жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Жыйында Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылын өткөрүүнүн комплекстүү Планы талкууланды. Премьер-министр  Темир Сариев быйыл абдан маанилүү жыл экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Эгемендигин алганынын 25 жылдыгы менен бирге бир катар маанилүү тарыхый мааракелер бар экенин билдирди. Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү тарыхый туура чечим болду»
29
Үчтун айы

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2015-жылдын ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында билдирди. Премьер-министр Темир Сариев жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, 2015-жылдагы эң ири жетишкендиктердин бири катары саясий туруктуулукту сактоо менен туруктуу өнүгүүгө карай бет алууну атады. Мында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактап берген ички иштер кызматкерлеринин ролу жогору болгонун Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Ички иштер министрлигине уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды
29
Үчтун айы

Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2015-жылдын ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышты. Премьер-министр өлкө коопсуздукту сактоодо милиция кызматкерлеринин ролу өзгөчө экенин белгилеп, жарандардын Ички иштер органдарына ишенимин кайтаруу боюнча ишти күчөтүүнү улантуу зарылдыгын билдирди. «Быйылкы жылы милицияга элдин ишенимин кайтаруу боюнча бир катар жылыштар болду. Бирок бул алгачкы Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Милициянын ишинде ачык-айкындыкты жана атаандаштыкты камсыз кылуу зарыл»
29
Үчтун айы

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2015-жылдын ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында билдирди. Премьер-министр Ички иштер кызматкерлерин даярдоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолуп, бул багытта кемчиликтер бар экенин белгиледи. «Милиция кызматкерлеринин кызматтык тепкич боюнча жогорулоосунда коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши тийиш. Кызматкерлер тааныш издеп кызматынан көтөрүлөм дебестен, ишинин тактыгына жараша Уландысы

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмун түзүү боюнча жумушчу жыйын өттү
28
Үчтун айы

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун түзүү боюнча жумушчу жыйын өттү. Жыйында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмун түзүү жана турак-жайды милдетүү камсыздандыруудан өткөрүүнүн жол-жобосу талкууланды. Премьер-министр Темир Сариев турак-жайды камсыздандыруу жарандардын кызыкчылыгында кылынып жаткан иш экенин билдирип, бул жаатта түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл экенин билдирди. “Турак-жайды камсыздандыруудан өткөрүү жарандардын кызыкчылыгын камсыздоо Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы базарларды иретке келтирүүнү тапшырды
28
Үчтун айы

Бул тууралуу бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди. Премьер-министрдин айтымында, борбор калаадагы базарлардын айланасындагы шарттар талапка жооп бербейт. “Биз шаардын тургундарын сапаттуу, жогорку тейлөө көрсөтүү менен камсыздообуз керек. Бул жагынан мэрия базарларды иретке салуу боюнча ишти күчөтүшү зарыл”, – деди Темир Сариев. Премьер-министр Бишкек Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: “Бишкек шаарынын сырткы келбетин жакшыртууга жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу керек”
28
Үчтун айы

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаардык мэриясынын 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу коллегиялык жыйынына катышты. Премьер-министр  2015-жылы Бишкек шаардык мэриясынын ишинде бир катар өзгөрүүлөр болгонун билдирип, бирок бул өзгөрүүнүн жаңыдан гана башталышы экенин билдирди. “Өткөн жыл өзгөрүүгө багытталган жыл болду. Шаардык мэрия кайсы бир даражада ишенимди калыбына келтирүүгө аракет жасады. Бирок бул алгачкы Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы кирешелерди чогултуу боюнча ишти жакшыртууну тапшырды
28
Үчтун айы

Бул тууралуу бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди. Премьер-министр Бишкек шаарында жергиликтүү бюджетин толтуруу жана салык топтоо боюнча жеткиликтүү иш жүргүзүлбөгөнүн билдирди. Темир Сариевдин маалыматы боюнча, 2015-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 7 075,3 млн сомду түзүп, болжолдонгон план  92,6%га аткарылган. Жыйынтыкта 562,2 млн сом Уландысы

1 2 3 7
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР