6 Үчтун айы архиви

Темир Сариев Кɵк-Ой айылындагы күнɵcкананын иши менен таанышты
6
Үчтун айы

Бүгүн, 6-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Нарын облусунун Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында Кɵк-Ой айылындагы күнɵcкананын иши менен таанышты. Премьер-министр аймактардагы күнɵсканалардын курулушун кубаттап, мындай демилгени аймактарда жайылтуу зарылдыгын билдирди. «Айыл чарба продукцияларын ɵндүрүүнүн жаңы ыкмаларын жайылтуу зарыл.  Бул жаатта күнɵсканаларды куруу,  тамчылатып сугарууну жайылтуу максатка ылайык. Бул боюнча аң-сезимди ɵзгɵртүп,  изденүү менен Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады
6
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчынын куттуктоо тексти: «Урматтуу мекендештер, христиандар! Сиздерди жаркын майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул майрам миллиондогон адамдардын үйүнө жарык маанай тартуулап, жылуу кабар жеткирип, жалпыбызды адамдык рухий баалуулуктардын тегерегинде баш коштуруп, адамдык бийик сапаттардын жана коомдогу ынтымактын бекемделишине салымын кошот. Рождество күндөрү кайрымдуулукка, мээрим төгүүгө басым Уландысы

«Жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлерде орун алган көйгөйлөрдүн маңызын жеткире билбейт»
6
Үчтун айы

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Нарын облусунун Жумгал району боюнча иш сапары алкагында мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө бидирди. «Үстүбүздөгү жылдын 1-февралына дейре КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик учурда Миң-Куш айылындагы уулуу калдыктар сакталуучу жайдын Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Миң-Куш айылындагы жер титирөөдɵн жабыр тарткан А.Ибраимов атындагы орто мектептин абалы менен таанышты
6
Үчтун айы

Бүгүн, 6-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Нарын облусунун Жумгал районуна иш сапарынын алкагында Миң-Куш айылында 2015-жылдын 7-декабрында орун алган жер титирөөдɵн жабыр тарткан Ажыке Ибраимов атындагы орто мектептин абалы менен таанышып,  жергиликтүү тургундар менен жолукту. Жер титирөөдɵн улам Жумгал районунда 140 турак-жай жабыр тартканы аныкталды. Анын ичинен  3-4-даражада жабыркаган 37 турак-жайлардын тизмеси толук такталып, Уландысы

«Миң-Куш айылынын тургундарын кɵчүрүү маселесин комплекстүү чечүү зарыл»
6
Үчтун айы

Бул туурасында Премьер-министр Темир Сариев Нарын облусунун Жумгал району боюнча иштиктүү сапарынын алкагында билдирди. Өкмɵт башчы Миң-Куш айылындагы уулуу заттар сакталуучу жайды барып кɵрүп, жергиликтүү калк менен жолугушту. Учурда радиация күчү 120 микрорентгенден ашкан аймактан 147 үй-бүлɵнү кɵчүрүү зарыл. «Жергиликтүү калкты кɵчүрүү маселесин чечүүгɵ комплекстүү мамиле кылуу керек. Учурда адамдар жашап жаткан үйлɵрдɵ жогорку радиация Уландысы

Премьер-министр Темир Сариевдин Жумгал районуна иш сапары башталды
6
Үчтун айы

Бүгүн, 6-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Нарын облусунун Жумгал районуна иш сапары башталды. Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы 2015-жылдын 7-декабрында орун алган жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери жана аталган айылдагы уран калдыктарын сактоочу жайдын абалы менен таанышат. Ошондой эле Чаек айылындагы 2015-жылы жүргүзүлгөн жол куруу иштеринин жыйынтыктары жана 2016-жылга коюлган милдеттер Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР