12 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чыңгыз Бекташевди кабыл алды
12
Үчтун айы

Бүгүн, 12-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөт алдындагы караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Чыңгыз Бекташевди кабыл алды. Жолугушуу жүрүшүндө Чыңгыз Бекташев Байланыш агенттигининде аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди. Премьер-министр Темир Сариев КР Өкмөтүнүн алдындагы Байланыш мамлекеттик агенттигинин ишмердигине токтолуп, өлкөдөгү  сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыз кылуу жаатындагы иштерди күчөтүү Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев белгилүү режиссер Болот Шамшиевди 75 жаш юбилейи менен куттуктады
12
Үчтун айы

Бүгүн, 12-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев СССРдин Эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиевди 75 жылдыгы менен куттуктады. Режиссер  менен жолушууда  Премьер-министр Темир Сариев Болот Шамшиевдин маданият үчүн опол тоодой эмгек сиңиргенин белгилеп, ал тарткан тасмалар эч убакта актуалдуулугун жоготпой турганын билдирди. “Сиз кыргыз киносунун кереметинин жаратуучуларынын бири катары элдин алдында опол тоодой эмгек өтөдүңүз. Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Кыргызстан Кытай менен үч багытта кызматташууга кызыкдар»
12
Үчтун айы

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кытай Элдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ци Даюй менен болгон жолугушуусу учурунда билдирди. «Менин КЭРге жасаган иш сапарым учурунда орун алган маанилүү сүйлөшүүлөрдүн арасында эки тараптуу кызматташуунун келечектүү үч багытын белгилеп кетким келет. Тактап айтканда, кеп Кытай-Кыргызстан темир жолун куруу долбоору тууралуу жүрүүдө. Бул Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Жаза аткаруу тутумундагы абал жана ишин жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү
12
Үчтун айы

Бүгүн, 12-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Жаза аткаруу тутумундагы абал жана анын ишин жакшыртуу боюнча жыйын өттү. Жыйында Темир Сариев акыркы учурда Жаза аткаруу мекемелеринде бир катар окуялар орун алганын жана бул кырдаал абактардагы акыры абалды көрсөткөнүн билдирди. “Мындай кырдаалдын жаралышына биринчиден Жаза аткаруу мекемелеринин учурдагы талапка жооп бербей, тиешелүү көңүл бурулбай Уландысы

«Жеткиликтүү турак-жай программасында коррупциялык аракеттерге жол берилбейт»
12
Үчтун айы

Бул тууралуу бүгүн, 12 -январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Биринчи радионун түз обосунда маек куруп, жарандардын суроолоруна жооп берген учурда билдирди. Премьер-министр Темир Сариев Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак-жай» программасынын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлүп, өз ишин баштаганын билдирди. Андагы  комиссияны Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жетектеп, Жогорку Кенештин депутаттары, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү киргизилди. Муну менен катар Уландысы

«Мамлекеттик ипотекалык компания январдын экинчи жарымынан баштап насыя бере баштайт»
12
Үчтун айы

Бул тууралуу бүгүн,  12-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КТРК “Биринчи радиосундагы” түз ободо угармандар менен баарлашууда билдирди. Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, мамлекеттик ипотекалык компания мамлекеттик кызматта иштеген, турак жай сатып алууга же өзү жашаган жерди айлык акысы жетпегендиктен кеңейте албаганынан улам, алардын социалдык муктаждыктарын жоюу максатында  түзүлгөн. «Буга чейин өлкөдөгү көпчүлүк коммерциялык банктар ипотекалык Уландысы

«Үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тарта турак-жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу ишке киргизилет»
12
Үчтун айы

Бул туурасында бүгүн Премьер-министр Темир Сариев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тарта жарандар тарабынан турак-жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу ишке киргизилет. “Эгерде турак-жай камсыздандырылбаган болсо, анда жаратылыш кырсыгынан, же өрттөн жабыркаган турак-жайлар үчүн мамлекет тараптан каражат берилбейт. Айыл жергесиндегилер турак-жайды камсыздандырууга айына – 50 сомдон, ал эми жылына 600 сомдон төлөшөт. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР