15 Үчтун айы архиви

«Электрондук саламаттык сактоо программасынын алкагында, электрондук медициналык карта ишке кирет»
15
Үчтун айы

Бул тууралуу бүгүн, 15-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Премьер-министр Темир Сариев билдирди. Колдонуудагы саламаттык сактоо системасын модернизациялоо жана 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана саламаттык сактоону реформалоонун “Ден соолук” улуттук программасын Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Айыл-чарба иштерин жүргүзүүдө өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга басым жасоо зарыл»
15
Үчтун айы

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында 2016-жылкы жазгы-талаа иштерин жүрүгүзүүдө чарба субьектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселеси каралган учурда билдирди. «Республиканын ар-бир районунда, ар-бир айылында айыл-чарба продукцияларынын белгилүү түрүн себүү боюнча талдоо иштерин жүргүзүп, болжолдорду түзүү зарыл. Бул маселени чечүү жагы Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба жана мелиорация министрлигине жүктөлөт», — деп Уландысы

«Айыл-чарбасын каржылоо – 4» долбоорунун алкагында дыйкандарга күрөөсүз берилчү насыянын чектик суммасын жогорулатуу зарыл»
15
Үчтун айы

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында «Айыл-чарбасын каржылоо – 4» долбоорун талкуулоо учурунда билдирди. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Алмаз Бакетаев баяндама жасап, долбоордун максаты 2016-жылкы жазгы-талаа жумуштарын өз учурунда өткөрүүгө мамлекеттик жардам көрсөтүү жана республиканын агрардык тармагын өнүктүрүү болуп эсептелээрин билдирди. «Насыяларды берүү мөөнөтү Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Дүйнөлүк каатчылыкка карабастан, өлкө экономикасынын өсүү деңгээлин 3,5% кармап турууга мүмкүндүк болду»
15
Үчтун айы

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди. Темир Сариев белгилегендей, Кыргызстандын ИДПсы 423,6 млрд сомду түздү. «Бул – ЕАЭБ өлкөлөрү арасындагы мыкты көрсөткүч. Мисалга, Россияда ИДП — 3,8%, Беларуста — 4%, Казакстанда — 0,7%, ал эми Арменияда 3,3% түздү. Жалпысынан алганда 2015-жылы керектөө тармагындагы инфляциянын деңгээли 3,4% түзсө, 2014-жылы Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Өкмөт планы учурдагы чакырыктарга жооп бериши зарыл»
15
Үчтун айы

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 15-январдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди. Премьер-министрдин айтымында,  2015-жылдагы дүйнөдөгү геосаясий олуттуу окуялар, экономикадагы кыйынчылыктар Кыргызстандын  экономикасынын өнүгүү темпине түз таасирин тийгизди. «Былтыркы жыл сыноолор, кыйынчылыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн жылы болду. Былтыр макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактап, өнүгүү 3,5% деңгээлинде болду. Ал эми 2015-жылы инфляциянын деңгээли 3,4%ды түздү. Бул көрсөткүчтөр Евразия Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев драматург, прозаик Бексултан Жакиевди 80 жаш юбилейи менн куттуктады
15
Үчтун айы

Драматург менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бексултан Жакиевдин атамекендик адабияттын өнүгүүсүнө чоң салым кошкондугун белгиледи. «Сиз азыркы мезгилге дейре өз чыгармачылыгыңыз менен күйөрмандарыңызды кубандырып келүүдөсүз. Сиздин “Атанын тагдыры”, “Күтүү”, “Миң кыял” сыяктуу көптөгөн чыгармаларыңыз азыркы кыргыз адабиятынын антологиясына кирди», – деди Премьер-министр. Өз кезегинде Бексултан Жакиев Премьер-министр Темир Сариевге жеке чыгармачылыгына жогорку Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Олуттуу реформаларга барууну чечкен өлкөлөр ийгиликке жетишет»
15
Үчтун айы

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Сародж Кумар Джанын кызматтык миссиясы аякташына байланыштуу жолугушуусу учурунда билдирди. Премьер-министр Дүйнөлүк банкка активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз биргелешкен активдүү кызматташуу аркасында бир катар маанилүү программаларды ишке ашырууга мүмкүндүк болгондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Дүйнөлүк банк Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго катышууда, Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «ГЭСтин техникалык абалын комплестүү иликтөөдөн өткөрүүнү жыйынтыктоо зарыл»
15
Үчтун айы

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев энергетикалык маселеге арналган кеңешме учурунда билдирди. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга Токтогул ГЭСиндеги жарактан чыккан агрегаттар калыбына келтирилгендиги маалымдалды. «Кубаттуулугу 500 кВ эсептелген № 2 кабелдик чубалгынын муфтасы оңдолду. 2016-жылдын 14-январында Токтогул ГЭСинде экинчи блок ишке киргизилип, 200 мегаваттык кубаттуулук берилген. Учурда Токтогул ГЭСи 790 мегаватт кубаттуулукту иштеп чыгууда. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР