26 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Темир Сариев КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты
26
Үчтун айы

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2015-жыл жыйынтыктары боюнча коллегиялык жыйынына катышты. Премьер-министр Баткен облусу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ аймак экенин белгилеп, аны өнүктүрүүгө Өкмөт тараптан бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Жыйын жүрүшүндө Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана район Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Көкташ-Ак-Сай-Тамдык, Миңбулак-Чорго-Аксай, Аксай-Тамдык жолдорунун курулушунун жүрүшү менен таанышты
26
Үчтун айы

Бүгүн, 26-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Темир Сариев Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Көкташ-Ак-Сай-Тамдык, Миңбулак-Чорго-Аксай, Аксай-Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Премьер-министр аталган жолдордун курулушу өлкө коопсуздугун сактоодо маанилүү экенин белгилеп, чек ара аймактарындагы тургундардын жашоо турмушун жакшыртуу максатында бардык шартты түзүүгө аракет көрүлөөрүн  билдирди. Көкташ-Ак-Сай-Тамдык жолунун узундугу 24 чакырымды түзөт, 2014-2015-жылдары аталган жолдун 13 чакырымы Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапар менен жөнөп кетти
26
Үчтун айы

Бүгүн, 26-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапар менен кетти. Сапардын алкагында Премьер-министр Баткен районунун Аксай айыл аймагындагы Көкташ-Ак-Сай-Тамдык, Миңбулак-Чорго-Аксай, Аксай-Тамдык жолунун курулушу менен таанышат. Ошондой эле Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өтүүчү 2015-жыл  жыйынтыгына арналган коллегиянын отурумуна катышып, анда облустун социалдык-экономикалык өнүгүү пландары, чек Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР