Бирдин айы 2016 айынын архиви

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Женевада БУУ Адам укугу боюнча кеңешинин сессиясына катышат
29
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Женевада БУУ Адам укугу боюнча кеңешинин 31-сессиясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат. Кыргызстан үчүн аталган иш-чара Кеңештин жаңы мүчөсү катары алгачкысы болуп саналат. Кыргыз Республикасы Кеңештин 2016-2018-жылдар аралыгындагы мүчөлүгүнө Нью-Йорк шаарында 2015-жылдын 28-октябрында өткөн БУУ Генералдык Ассамблеясынын 70-сессиясынын алкагында шайланган. Келерки сессия Кеңештин уюшулганына – 10 жыл, Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы Ботаникалык бактын абалы менен таанышты
27
Бирдин айы

Бүгүн, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын абалы менен таанышып, аны өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Премьер-министр аталган бакчанын өлкө жана борбор шаар үчүн мааниси абдан чоң экенин белгилеп, анын учурдагы абалы начар экенине көңүл бурду. Темир Сариев Ботаникалык бакчаны илим изилдөө борбору болуу менен катар шаар тургундарынын сейилдөөчү, ден Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев маморгандардагы аткаруучулук тартиптин так сакталышын талап кылды
26
Бирдин айы

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн жыйынында билдирди. Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн аппаратынын жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев 2015-жыл жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик органдардагы ченемдик-укуктук актыларды жана келип түшкɵн тапшырмалардын аткарылышы, аткаруучулук тартиптин абалы тууралуу маалымат берди. Өкмɵтүнүн аппаратынын жетекчиси маалымдагандай, ɵткɵн жылы 2014-жылга салышытырмалуу документтерди аткаруу мɵɵнɵтүнүн бузулушу 11,3 % дан 5,7 % Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Бизнести негизсиз текшерүүлөрдү толугу менен токтотуу керек»
26
Бирдин айы

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 26-февралдагы Өкмөттүн жыйынында билдирди. Премьер-министрдин айтымында, ар бир жетекчи жаралган маселеге ыкчам чара көрүшү керек. «Ар бир жетекчиге тынымсыз түрдө ишкерлер жана жергиликтүү жамааттар менен жолугушууларды өткөрүп, жаралган маселелерди оперативдүү түрдө чечүү боюнча тапшырма берем. Эгер айрым маселелер Өкмөттүн деңгээлинде чечиле турган болсо, тезинен демилге көтөрүп, Өкмөткө алып Уландысы

«Өкмɵттүн кароосуна бир жумалык мɵɵнɵттɵ 2016-жылга карата Антикризистик чаралардын толукталган планы киргизилсин»
26
Бирдин айы

Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн жыйынында берди. Аталган маселе боюнча негизги баяндама жасоочу катары Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев чыгып, 2016-жылга антикризистик чаралар, эң ириде, дүйнɵлүк экономикада байкалып жаткан кризистик кɵрүнүштɵрдү жумшартууга багытталган. «Кеп продукциясы экспортко чыгарылуучу ишканаларды колдоого алуу, кичи жана орто бизнести узак мɵɵнɵттүү жеткиликтүү Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев: «Антикризистик чаралардын аткарылышын терең анализдөө керек»
26
Бирдин айы

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өкмөттүн 26-февралдагы жыйынында билдирди. Премьер-министр Экономика министрлигинин 2015-жылга  антикризистик иш-чаралар толук кандуу 80 пайызга аткарылганын маалымдаганы менен бул сандар курулай көрсөткүчтөр болуп жатканын билдирди. «Экономика министрлиги же башка мамлекеттик бир да орган аткарылган иш-чаралардын канчалык деңгээлде натыйжалуу болгонуна анализ жасап, баалаган эмес. Бир катар мамлекеттик органдар терең анализ кылган эмес. Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев Өкмөттүн антикризистик планын кеңири талкууга алып чыгууну сунуштады
26
Бирдин айы

Бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга антикризистик планынын аткарылышы боюнча маселе каралды. Жыйынды ачып жатып Премьер-министр Темир Сариев Өкмөттүн 2016-жылга антикризистик планды кабыл алып, аны ишке ашырып жатканын маалымдады. «Бирок азыркы учурду, дүйнөдөгү экономикалык абалды, өзгөрүүлөрдү жана ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдөгү антикризистик чараларды эске алуу менен Өкмөт кошумча Уландысы

Премьер-министр Темир Сариев бөлүштүрүү компанияларга электр энергиянын жоготуусун 12,% төмөндөтүүнү тапшырды
26
Бирдин айы

Бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев энергетика тармагындагы мамлекеттик ишканалар, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Премьер-министр былтыркы жылы электр энергиясында жоготууларды азайтуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тапшырма коюлганын, бирок бул тапшырмалар толугу менен аткарылбаганына токтолду. «Өткөн жылы бөлүштүрүүчү компаниялардын алдына электр энергиясындагы жоготуулардын санын 14 пайызга чейин кыскартуу, дебитордук Уландысы

1 2 3 10
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР