Тогуздун айы 2016 айынын архиви

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков энергия менен камсыз кылуудагы көйгөйлөргө убагында көңүл бурууну тапшырды
31
Тогуздун айы

«Калкты тейлөөнүн сапаты – бул силердин ишиңерди баалоонун башкы көрсөткүчү», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда, калкты жана экономикалык тармактардын 2016-2017-жылдагы жылуулук сезонуна даярдыгы боюнча республикалык штабдын жыйынында, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине. «Авариялык абалдарда силерге телефон чалып, байланыша албай жаткан арыздануулар катталды. Калкты тейлөөнүн сапаты – бул силердин ишиңерди баалоонун Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков ашууларда келип чыккан кырдаалга көңүл бурууну тапшырды
31
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда,  экономика тармактарын жана калкты алдыдагы 2016/2017-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Республикалык штабдын кезектеги жыйынында  ашууларда келип чыккан кырдаалга көңүл бурууну тапшырды. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жол тармагынын кызматкерлери  автоунаалардын резинасына жана  асфальтка жараксыз материалдарды сээп жатышат. «Мен жеке өзүм Долон ашуусунда жолдорго шагыл сээп койгонун көрдүм. Мындай Уландысы

Фоторепортаж – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков 2016/2017-жылдагы жылытуу мезгилине карата даярдык боюнча Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү
31
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда, экономика тармактарын жана калкты алдыдагы 2016/2017-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу КР Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу Уландысы

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков керектөөчүлөрдүн электр энергияны өчүрүүгө алып келген бир катар көйгөйлөрдү атады
31
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда, калкты жана экономикалык тармактардын 2016-2017-жылдагы жылуулук сезонуна даярдыгы боюнча республикалык штабдын жыйынында, керектөөчүлөрдүн электр энергияны өчүрүүгө алып келген бир катар көйгөйлөрдү атады. Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын күз-кыш мезгилге сапаттуу даярдануусунун негизги көрсөткүчү жарандардын берген баасы экенин белгиледи. «Керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылганыбызга болгону эки жума болду. Уландысы

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков мектептерди куруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
31
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда, 2016-жылга пландаштырылган мектептердин курулушу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Турдубек Мамбетовдун малымдагандай, 2016-жылга жаңы 80 орто билим берүү мекемесинин курулушу пландаштырылган Бүгүнкү күндө 31 мектеп курулуп бүтүп, калган обьектилердин курулушу ушул жылдын аягына чейин Уландысы

«Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын айылдык бөлүмдөрүнө инкассатор автоунаалыры берилди
29
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 29-октябрда, «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын райондук филиалдарынын жетекчилерине инкассатор автоунааларын берүү боюнча салтанаттуу иш чарага катышты. Аталган автоунаалар «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоорунун алкагында, Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын колдоосу менен 200 миң АКШ долларына алынды. Долбоор финансылык тейлөө менеджментин Уландысы

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады
29
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады. Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу: “Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм! Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чейрек кылым ичинде бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүштү. Алар аймактарды өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык Уландысы

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу С.Жээнбеков автотранспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
29
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу  Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын автотранспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы  менен куттуктады. Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо тексти: «Урматтуу автотранспорт жана жол чарба кызматкерлери, тармактын ардактуу ардагерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – автотранспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Өлкөдө жакшы өнүккөн транспорттук-инфраструктура системасы – инвестиция Уландысы

1 2 3 16
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР