9 Жетинин айы архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы, түзүмү жана курамы өлкө парламенти тарабынан бекитилди
9
Жетинин айы

Парламенттик көпчүлүк коалициясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын, түзүмүн жана курамын сунуштады. Узакка созулган талкуулардын жыйынтыгында парламент Өкмөттүн Программасын, түзүмүн жана курамын бекитти. Өкмөттүн программасы үчүн каттоодон өткөн 115 депутаттын 106сы “макул” деп добуш берип, 8и каршы добуш берди, Өкмөттүн түзүмү Уландысы

Сооронбай Жээнбеков: Биз ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр менен өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча ар дайым катуу позицияны ээлеп келдик
9
Жетинин айы

«ЕАЭБ боюнча биздин өнөктөштөрүбүз менен иштиктүү өз ара аракеттешүүнү жөнгө салууда тынбай алектенүүдөбүз. Биздин карым-катнаштарда айрым учурларда макулдашууларды ишке ашыруу менен байланышкан көйгөйлөр да жаралды. Мисалга, айыл чарба продукциясынын экспортун көзөмөлдөө чөйрөсүндө мындай маселе болду. Бул  учурда өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча ар дайым катуу позицияны ээлеп келдик жана өзүбүздүн позициябызды эки тараптуу жана көп Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн сунушталган долбоорун толук колдойт
9
Жетинин айы

«Өкмөт Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн сунушталган долбоорун толук колдойт жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча бардык керектүү чараларды көрөт», – деди бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу суроого жооп берип жаткан учурда. «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алдыдагы референдум Өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтөт, бирок ошол Уландысы

Сооронбай Жээнбеков: Жакынкы коңшулар менен достук жылуу мамилелердин орношу Кыргызстандын өнүгүүсүнө өзгөчө мүмкүнчүлүк түзөт
9
Жетинин айы

«Сакталып турган саясий туруктуулук жана Кыргызстандын Россия, Казакстан, ошондой эле ЕАЭБдин башка мүчөлөрү менен калыптанып калган ишенимдүү жана стратегиялык мамилелер, борбордук-азиялык аймак боюнча жакынкы кошуналар менен жакшы коңшулук катнаштардын бекитилиши – өлкөнүн өнүгүшүндө алдыга умтулуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт». Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  милдетин аткаруучу  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков КР Жогорку Кеңешинде Өкмөттүн Программасы, түзүмү жана курамы менен тааныштырды
9
Жетинин айы

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Өкмөттүн Программасы, түзүмү жана курамы менен тааныштырды. Жогорку Кеңештин жыйынына  Сооронбай Жээнбеков баштаган Өкмөттүн жаңы курамына көрсөтүлгөн  бардык талапкерлер катышууда. Эске салсак, 8-ноябрда, Жогорку Кеңештин  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана парламенттик көпчүлүк коалициясы Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин Уландысы

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакын арада Салык кодексинин жаңы редакциясын коомдук талкууга коёт
9
Жетинин айы

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакын арада Салык кодексинин жаңы редакциясын коомдук талкууга коёт» -  деп билдирди бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында. Сооронбай Жээнбеков Салык кодексинин жаңы редакциясында өлкөнүн заманбап реалдуу экономикасы эске алынышы керектигин билдирди. «Мен бул талкууга бизнес-коомчулук активдүү катышаарына ишенем. Салыктык тармакты жакшыртуу, ЕАЭБ биздин Уландысы

Премьер-министрдин м.а. Сооронбай Жээнбеков: Өкмөттүн жаңыланган программасын иштеп чыгууда негизги басым башталган иштерди улантууга жасалды
9
Жетинин айы

«Өкмөттүн жаңыланган программасын иштеп чыгууда негизги басым башталган иштерди улантууга жасалды», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Өкмөттүн Программасын, түзүмүн жана курамын сунуштоодо. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Программада коалициялык келишимдин негизги жоболору эске алынган. Ошондой эле Программа мурда кабыл алынган Өкмөттүн Программасы менен улануучулугун сактап, Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР