10 Жетинин айы архиви

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Бишкек шаарындагы №61-мектепте орун алган инцидент мыйзам чегинде иликтенип, тийиштүү чара көрүлөт
10
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарындагы №61-мектепте орун алган чатакты иликтөө тапшырмасынын алкагында бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Жеңиш Разаков жабыр тарткан окуучунун энеси Элмира Исаева менен жолугушту. Жолугушууда Эльмира Исаева №61-мектепте  окуган баласына байланыштуу чатак тууралуу маалымат берди. Жеңиш Разаков  Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан атайын комиссия Уландысы

Премьер-министрдин м.а. Сооронбай Жээнбеков КНСтин эсеп-фактураларын алуу, пайдалануу жана жүргүзүү процедурасынын жаңы механизмдерин киргизүү тууралуу токтомго кол койду
10
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Токтомго ылайык, КНСтин эсеп-фактураларынын кагаз бланктарынын тыкыр отчеттуулугун алып салуу жана салык органдары тараптан салык төлөөчүлөрдүн КНС эсеп-фактураларына серия жана номерлерди ыйгаруусу каралган. Натыйжада, сериялар жана номерлер салык органы тарабынан КНС салыгын Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыкты айыл өкмөттөрдү аныктады
10
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жарыяланган бул сынактын жыйынтыгы бүгүн, 10-ноябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу “Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүү келечеги” аттуу илимий -практикалык конференцияда жарыяланды. Жеңишке жетишкен айыл Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР