14 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жаңы курамы менен жумушчу жыйын өткөрүп, жакынкы келечекке карата бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи
14
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн жаңы курамы менен жумушчу жыйын өткөрдү. Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өкмөттүн Программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү менен ишеним билдирди. «Бул чоң ишеним катары кабылданып, бардык күч-аракетти Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана эл тараптан көрсөтүлгөн ишенимди актоого жумшоо керек. Бизге жүктөлгөн Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды
14
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого жана  «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоого Уландысы

Кыргызстан жана Өзбекстандын чека ара маселеси боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кезектеги жолугушуусун өткөрдү
14
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору 2016-жылдын  8-13-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын пикири келишкен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринин тизими макулдашылды. Ошондой эле тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен иликтөөлөрдү жүргүзүштү. Жалпысынан жолугушуу конструктивдүү Уландысы

Өзбекстан Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады
14
Жетинин айы

«Сиздин Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри кызматына  дайындалышыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин бул жогорку кызмат ордунуздагы ишмердүүлүгүңүз биздин өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн багытталган көп кылымдык салттык достукка, жылуу коңшулук жана өз ара урмат-сыйга негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө көмөк көрсөтөөрүнө ишеним билдирем. Өзгөчө белгилей кетсем, кыргыз-өзбек мамилелеринин жакшы жагына өзгөрүүсүнүн  айкын мисалы Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановго сөгүш жарыялады
14
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен 2016-жылдын октябрына карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча планды аткарбагандыгы үчүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Сулайманов Азамат Талапбековичке сөгүш берилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР