17 Жетинин айы архиви

Өкмөт 2016-2017-жылдарга күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери тууралуу КР Жогорку Кеңешинде маалымат берди
17
Жетинин айы

Бүгүнкү күнү борборлоштурулган жылытуу системасына бала бакчалар, мектептер, медициналык мекемелер, турак үйлөр жана окуу жайлары толугу менен кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 2016-2017-жылдарга күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери тууралуу маалымат берип жатып билдирди. «Бюджеттик мекемелер план боюнча 177,5 миң тонна көмүр даярдашы керек болсо, 2016-жылдын Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Жогорку Кеңеш Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сунуштаган республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды
17
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында бюджет боюнча үч мыйзам долбоорун сунуштады, алар узакка созулган талкуудан соң парламент тарабынан биринчи окууда кабыл алынды. “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2015-жыл үчүн аткарылышы тууралуу отчётту бекитүү жөнүндө” документтин кабыл алынышы үчүн 109 депутат добуш берсе, 2 депутат каршы добуш берди. “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык Уландысы

2017-жылга карата ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9%дык деңгээлде болжолдонууда
17
Жетинин айы

2017-жылга карата ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9%дык деңгээлде болжолдонууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштоодо билдирди. Болжолдонгон социалдык-экономикалык өнүгүүнү эске алуу менен 2017-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда кирешелер 126,8 млрд сомдун тегерегинде  мерчемделет (ИДПга карата  25,7%), чыгашалар  Уландысы

ФОТО – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында, республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорун жактоодо
17
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2015-жыл үчүн аткарылышы тууралуу отчётту бекитүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорлорун жактоодо. Учурда КР Жогорку Кеңешинин жыйыны Өкмөттүн Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү жогорулатуу үчүн КР Өкмөтү тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу
17
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  17-ноябрда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоорун тааныштырууда республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү жогорулатуу үчүн КР Өкмөтү тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу билдирди. Өкмөт башчы Өкмөт бюджеттин кирешелер бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган бир катар иш-чараларды, ошондой эле Уландысы

Премьер-министр жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү парламент жыйынында ант беришти
17
Жетинин айы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында ант беришти. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү салтанаты Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өттү. Төмөндө Премьер-министр баш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн тизмеси: Премьер-министр — Сооронбай Жээнбеков; Биринчи вице-премьер-министр — Мухамметкалый Абулгазиев; Вице-премьер-министр — Олег Панкратов; Вице-премьер-министр Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы Өкмөттүн иши макроэкономикалык туруктуулукту кармап турууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталат
17
Жетинин айы

«2017-жылы Өкмөттүн иши макроэкономикалык туруктуулукту кармап турууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталат», – бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  17-ноябрда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоорун тааныштырып жатып билдирди. 2017-жылга республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын 2017-жылга карата Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2016-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүштүн оң тенденциясы орун алды
17
Жетинин айы

«2016-жылдын 10 айынын жыйынтыгынын негизги натыйжасы катары экономикалык өсүштүн оң тенденциясы болду, бул 2016-жылдын август айынын башына чейин терс тенденцияны гана берип келе жаткан эле», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  17-ноябрда,  Кыргыз республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоорун Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР