18 Жетинин айы архиви

Турдуназир Бекбоев Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды
18
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-ноябрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Турдуназир Бекбоев Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Сооронбай Жээнбеков: Сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл
18
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-ноябрда, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мектеп жамаатын жана иш-чара катышуучуларын жаңы мектеп имаратынын ишке берилиши менен куттуктады. «Билим берүү тармагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул Президент тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Уландысы

Кыргызстанда бодо малды идентификациялоо башталды
18
Жетинин айы

Кыргызстанда ЕАЭБ талаптарына ылайык бодо малды идентификациялоо өнөктүгү башталды. Бүгүн, 19-ноябрда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Республика боюнча алгачкы малды идентификациялоо процессин пилоттук негизде көрсөтүү иш чарасына, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев катышты. Биринчи вице-премьер-министр бул долбоор  өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана мал чарбасын өнүктүрүү максатында ишке ашырылып жатканын билдирди. Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, 2013-жылы Уландысы

Кытай Элдик Республикасынын Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян Сооронбай Жээнбековду Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
18
Жетинин айы

Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. «Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызды кубануу менен кабыл алдым, буга байланыштуу Сизди чын дилимден куттуктайм. Акыркы жылдары биздин биргелешкен күч-аракеттердин негизинде кытай-кыргыз мамилелеринин туруктуу жана динамикалуу өнүгүүсү байкалууда. Саясий өз-ара ишеним тереңдеп, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтык Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР