21 Жетинин айы архиви

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Ысык-Көл облусунда социалдык объекттердин ачылышына катышты
21
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 21-ноябрда, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Тологой айылындагы Калыс Эгембердиев атындагы жаңы курулган мектептин ачылыш аземине катышты. Салтанатта Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жергиликтүү тургундарды жана мектеп окуучуларын жаңы билим уясынын ачылышы менен куттуктады. Вице-премьер-министр белгилегендей, учурда өлкөнүн бардык региондорунда 2016-жылга карата курулушу пландалган мектептерди бүткөрүү жана пайдаланууга тапшыруу иш чаралары жүргүзүлүүдө. Уландысы

Жоомартбек Жумабеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду
21
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Жумабеков Жоомартбек Кожомуратович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Абдыллабек уулу Манас Интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду
21
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда кол койгон буйрукка ылайык, Абдыллабек уулу Манас мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бакытбек Адылов Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду
21
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Адылов Бакытбек Адылович  мурда жүктөлгөн Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилүү коомдук ишмер Союзбек Салиевди кабыл алды
21
Жетинин айы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жер шарын айланып учкан белгилүү коомдук ишмер Союзбек Салиевди кабыл алды. «Сиздин жер шарын айланып учууңуз – өсүп келе жаткан муунду патриоттук сезимде тарбиялоодо чоң мааниге ээ болгон кайратман аракет болуп саналат. Биз мекендешибиздин аймакта алгачкылардан болуп мындай сыймыктуу эрдик жасагандыгы менен сыймыктанабыз. Сиздин Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды
21
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды. Өкмөт башчы Кыргызстанда айыл чарба тармагы экономиканын алдыңкы тармагы болуп саналарын, буга байланыштуу министрликтин алдында бир катар тапшырмалар турганын, анын ичинде, Евразия экономикалык биримдигине кошулуу алкагында башталган фитосанитардык жаңы лабораторияларды куруу жана жүргүзүлүп жаткан Уландысы

Мамлекеттик органдарда кыргыз тилин өнүктүрүү жана анын макамын жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлөт
21
Жетинин айы

Министрликтерде, административдик ведомстволордо жана башка мамлекеттик органдарда кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул боюнча Кыргыз Республикасын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы №581 токтомуна кол койду. Анда Өкмөттүн 2004-жылдагы «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Кол коюлган токтомго ылайык, мамлекеттик органдардагы тил боюнча Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР