22 Жетинин айы архиви

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өлкөдө көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча жыйын өткөрдү
22
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 22-ноябрда, өлкөдө көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча маселени тийиштүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда талкуулады. Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мырза Жаманбаев республика боюнча көмүрдүн баасы тууралуу маалымат берди. Азыркы тапта көмүрдүн 1 тоннасы кенден 1300 сомдон Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чарага катышты
22
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 22-ноябрда, айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу жыйынга катышты. Мухаметкалый Абулгазиев өлкө аймактарынан келген дыйкан-фермерлерди, айыл чарба адистерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ошол эле учурда тармактын алдында турган милдеттерди атады. «Айыл чарба продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүү кылуу үчүн жаңы технологияларды колдонуу, бул багытта оптималдуу долбоорлорду иштеп чыгып, кооперацияны Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Кыргыз-тажик чек арасындагы тынчтыктын сакталышы негизги саясий жетишкендик болуп саналат
22
Жетинин айы

«Кыргыз-тажик чек арасындагы тынчтыктын сакталышы негизги саясий жетишкендик болуп саналат»,- деди Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 22-ноябрда, эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөт аралык комиссиясынын 15-кеңешмесинин жыйынында. «Тажикстан Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн негизги соода-экономикалык өнөк катары эсептелет. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 79 млн АКШ долларына жеткен, ал эми Уландысы

Сооронбай Жээнбеков Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановду кабыл алды
22
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановду кабыл алды. Өкмөт башчы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту күчтөндүрүү, ошондой эле өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жакшыртуу боюнча ишти активдештирүү зарыл экендигин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков мал-чарба продукциясын экспорттоо маселесине басым жасап, бардык курулуп жаткан мал союучу Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
22
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо тексти: «Урматтуу прокуратура кызматкерлери! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм. Прокуратура – бул адам оор мүнөттө кайрылган орган. Жарандар мындай учурда дайыма колдоо табарына, ал эми Уландысы

Досалы Эсеналиев Интелектуалдык жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды
22
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда, буйрукка колду. Ага ылайык, Эсеналиев Досалы Акпаралиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бишкекте кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиянын 15-жыйыны өтөт
22
Жетинин айы

Бүгүн, 22-ноябрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы астында эки тараптын комплекстүү маселелерин талкуулаган, кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйыны өтөт. Тажикстан Республикасынын делегациясын Премьер-министрдин орун басары Азим Иброхим жетектейт. Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында, кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусунун күн тартибиндеги кеңири чөйрөдөгү актуалдуу маселелери талкууланат. Талкуунун жыйынтыгында өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагалары, 15-жыйындын эки Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР