25 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Токмок шаарындагы социалдык объектилерди кыдырды
25
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-ноябрда, Чүй облусунун Токмок шаарындагы социалдык объектилерди кыдырды. Өкмөт башчы Ю.Дунларов атындагы №10-орто мектептин, Токмок аймактык ооруканасынын жана Республикалык адистештирилген Балдар үйүнүн жылуулук менен камсыздалышын жеке көзөмөлдөдү. Балдар үйүнүн директору Татьяна Гринько Премьер-министрге кыска мөөнөт аралыгында борбордук жылуулук тутуму иштебегендигине карабастан, мекемедеги балдар жылуулук менен камсыз болуп тургандыгын маалымдады. Уландысы

Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү
25
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-ноябрда, «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кеңешме жүрүшүндө «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» Программасын ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Аталган Программанын максаты өлкө жарандары үчүн жеткиликтүү ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак-жайды куруу механизмдери аркылуу жеке турак-жай алуусу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Жеке турак-жай менен Уландысы

КР делегациясы транспорт туруктуулугу боюнча глобалдык коференцияга катышат
25
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы  26-27-ноябрда, Туркмөнстан Республикасынын Ашхабад шаарында өтүүчү транспорт туруктуулугу боюнча глобалдык конференцияга катышат. Конференцияда  2030-жылга чейин күн тартибиндеги глобалдык тармактарды өнүктүрүү программасынын  алкагында  туруктуу транспорттук системаны өнүктүрүүдө эл аралык өнөктөштүктүн конкреттүү багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланат. Делегациянын курамында: Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Франциянын ишкерлер биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушту
25
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Франциянын «MEDEF international» ишкерлер биримдигинин «Франция-Борбордук Азия» Ишкерлер кеңешинин төрагасы К.Фонтен менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтык келечегин жана 2017-жылдын биринчи жарымында Францияда Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жана Франциянын бизнес-чөйрөсүнүн катышуусунда инвестициялык конференция өткөрүү мүмкүндүгүн талкуулады. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиевдин жана Кыргыз Республикасынын Экономика Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР