1 Бештин айы архиви

КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы: Өкмөт үйүнө килемдерди жана эмеректерди алууга каралган 20 млн сом тууралуу маалымат чындыкка жатпайт
1
Бештин айы

Бүгүн, 1-декабрда, ЖМКларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Наталья Никитенконун Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн залдарынын бирине килемдерди жана эмеректерди сатып алуу үчүн 2017-жылкы республикалык бюджеттен 20 млн сом каралгандыгы тууралуу айтылган маалыматы чындыкка жатпайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы маалымдагандай, бюджеттик классификацияга ылайык, килем жана эмеректер 3112 «Машиналар жана жабдуулар» беренеси боюнча алынат. Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Улуттук госпиталдын ремонт иштери менен таанышты
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын ремонт иштери менен таанышты. Учурда токтоп калган ремонт иштери кайра жанданып, андагы курулуш фирмасы өз ишин активдүү колго алды. Сууктун күнүндө ремонт иши жакшы болбой тургандыгын эске алган Чолпон Султанбекова биринчи кезекте ооруканага жылуулук системасын киргизүүнү тапшырды. «Ооруканада жыл аягына Уландысы

Гүлмира Абдралиева Транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп дайындалды
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Абдралиева Гүлмира Курманбековна Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы “Кошой” кант заводун ишке киргизүүдө кант кызылчасын кайра иштетүү маселеси чечилип, калк атамекендик кумшекер менен камсыздалат
1
Бештин айы

2017-жылы “Кошой” кант заводун ишке киргизүүдө кант кызылчасын кайра иштетүү маселеси чечилип, калк атамекендик кумшекер менен камсыздалып, миңдеген жергиликтүү тургундарга жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы «Кошой» ААК абалы менен таанышуу учурунда билдирди. «Бүгүнкү күндө Чүй облусундагы кант кызылчасын иштеп чыккан “Кайыңды-Кант” заводу фермерлер тарабынан өстүрүлгөн кызылчанын Уландысы

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Умөт Асымбеков тууралуу некролог
1
Бештин айы

Кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. 2016-жылдын 29-ноябрында 88 жаш курагында күтүлбөгөн кырсыктан Кыргыз Республикасынын коомдук, мамлекеттик, чарбалык жана элдик ишмери Умөт Асымбеков дүйнөдөн кайтты. Умөт Асымбеков 1928-жылы 10-майда Ысык-Көл областынын Түп  районуна караштуу Күрмөнтү айылында жарык дүйнөгө келген. Туулган жеринде орто мектепти аяктаган соң, 1943-45-жылдары Ысык-Көл айыл чарба техникумунун зоотехникалык бөлүмүнүн бүтүргөн. 1945-50-жылдары Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун башчысына «Кыргызтелеком» ААК башкармалыгынын төрагасы Э.Ешеналиевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу боюнча маселесин киргизүүнү тапшырды
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Мэлис Мамбетжановго «Кыргызтелеком» ААК башкармалыгынын төрагасы   Эмил Ешеналиевдин ээлген кызмат ордунан бошотуу боюнча маселени  мыйзамда белгиленген  тартипте карап чыгууну тапшырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР