2 Бештин айы архиви

Партиялардын биринин 2018-жылдан тарта энелик капиталды киргизүү тууралуу сунушу финансылык негиздемеге ээ эмес
2
Бештин айы

«Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы үгүт иштеринде 2018-жылдан тарта ар-бир төрөлгөн ымыркайга мамлекет тараптан 50 миң сом көлөмүндөгү бир жолу берилүүчү финансылык көмөк (энелик капитал) төлөнүп берилерин билдирген. Белгиленгендей, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбооруна тийиштүү беренени кошумчалоо тууралуу маселени карап чыгаары айтылган. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилегендей, жогоруда көрсөтүлгөн Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков стратегиялык объектилердин антитеррористтик корголуусу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү
2
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 2-декабрда, Ош областында стратегиялык жана жашоо-тиричиликти камсыздоочу маанилүү объектилердин антитеррористтик корголуусу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, эл аралык терроризм жана диний экстремизм жалпы Борбор-азия аймагындагы өлкөлөр үчүн кооптуу эсептелет жана тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан комплекстүү чаралардын кабыл алынышын талап кылат. Мисал иретинде ал үстүбүздөгү жылдын Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «SOS Балдар айылы» эл аралык уюмунун өкүлдөрүн кабыл алды
2
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-декабрда, «SOS Балдар айылы» эл аралык уюмунун президенти Сидхарта Каулду жана Азербайжан Республикасындагы, Израиль Мамлекетиндеги, Казакстан Республикасындагы, Кыргыз Республикасындагы жана Өзбекстан Республикасындагы «SOS Балдар айылы» эл аралык уюмунун өкүлү Зденко Седларды кабыл алды. Жолугушуу дүйнөнүн 134 мамлекетинде иштеген «SOS Балдар айылы» Коомдук фондунун 20 жылдыгына байланыштуу өттү. Премьер-министр Сооронбай Уландысы

Гуламжан Анарбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды
2
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Анарбаев Гуламжан Сатбалдиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы КЭР Элчиси Сяо Цинхуа менен жолугушту
2
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайы жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуа менен анын өлкөдөгү элчилик миссиясынын башталышына байланыштуу жолугушту. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан КЭР менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берет. Өкмөт башчы КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцяндын Кыргызстанга жасаган расмий сапары, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР