11 Бештин айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Шайлоо жана референдум тиешелүү уюшкандык деңгээлде өттү
11
Бештин айы

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум таза, ачык, заманбап шайлоо технологияларды колдонуу менен тиешелүү уюшкандыкта, бардык саясий күчтөргө тең укуктуу шарттар түзүлүү менен өттү, – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынтыктоочу жумушчу кеңешмесинде. “Участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларына, Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Республикалык штабдын ишин жыйынтыктады
11
Бештин айы

Шайлоо жанан референдум ачык, олуттуу мыйзам бузууларсыз өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 11-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен болгон он-лайн режиминдеги жыйынтыктоочу селектордук кеңешменин жыйынтыгында билдирди. «Алдын ала Уландысы

Кыргызстанда саат 16:00гө шайлоочулардын катышуусу боюнча абал, референдумга катышкандар 28,1% түздү
11
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга катышкандардын саны саат 16:00гө карата өлкө боюнча 28,1% түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы Мухаметкалый Абулгазиев бүгүн, 11-декабрда, Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Уландысы

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев: Техникалык үзгүлтүк сейрек катталган учурга ээ
11
Бештин айы

Сейрек учурда катталган техниканын үзгүлтүккө учуроосу жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпейт. Аталган маселеде адам фактору дагы мааниге ээ. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев бүгүн, 11-декабрда, Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билдирди. Тайырбек Сарпашев  республика боюнча кээ бир партиялардын өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добушун  сатып алуу  аракеттери бир нече ирет Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Республикалык штаб тарабынан шайлоо процессиндеги мүчүлүштүктөргө жол бербөө иретинде ыкчам чаралар кабыл алынууда
11
Бештин айы

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тарабынан шайлоо процессиндеги мүчүлүштүктөргө жол бербөө иретинде ыкчам чаралар кабыл алынууда. Бизге өлкөдөгү бардык шайлоо участкаларынан ыкчам маалыматтар келүүдө, алардын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынууда», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, Уландысы

ФОТО – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда добуш берди
11
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда добуш берди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катталгандыктан, ал Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында жайгашкан №1266-кошумча шайлоо участкасында мурда берилген № 2 формасындагы арызына ылайык, өз добушун берди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Эртең мененки саат 8:00дө шайлоочулар добуш берүүсү үчүн бардык шайлоо участкалары ачылды
11
Бештин айы

Өлкөнүн бардык аймактарында бүгүн, 11-декабрда, эртең мененки саат 8:00дө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү боюнча бардык шайлоо участкалары ачылды, – деп билдирди штабдын селектордук жыйынында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри,  Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР