12 Бештин айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты
12
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттарынын, тактап айтканда, «Токмок-автодорожный» жана «Кең-Булуң-автодорожный» пункттарынын курулушу жана реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы белгилегендей, ЕАЭБге кошулуу алкагында өлкөнүн инфраструктурасын өркүндөтүү Кыргызстандын өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары эсептелет. Анын айтымында, өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга жооп берип, модернизациялоо Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы шайлоолор жана референдумга көз салган КМШ Парламент аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясы менен жолугушту
12
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Армениянын Улуттук жыйынынын төрага орун басары Эдуард Шармазанов жетекчилик кылган КМШга мүчө-өлкөлөрдүн  Парламент аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясы менен жолугушту. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КМШ Парламент аралык ассамблеясына Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин жана референдумду көзөмөлдөөгө активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Премьер-министр белгилегендей, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Уландысы

Мирлан Омуралиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитет төрагасынын орун басары болуп дайындалды
12
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Омуралиев Мирлан Жумабекович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР